Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Түндүк Кореянын делегациясы АКШга жол тартты


Дональд Трамп жана Ким Чен Ын.
Дональд Трамп жана Ким Чен Ын.

Пхеньяндын АКШга бара жаткан делегациясын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын орун басары генерал Ким Йоң Чол жетектөөдө.

Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдө алар АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин 12-июнга Сингапурга мерчемделген саммитине даярдык менен байланышкан маселелерди талкууламакчы.

- Президенттин 24-майда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга жазган катынан кийин алар биз менен карым-катышта болууда. Кошмо Штаттар Трамп менен Кимдин алдыда күтүлгөн саммитине кызуу даярдык көрүүнү улантып жатат, - деди Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Хизер Нойерт 29-майда Вашингтондон.

Анын айтымында, Түндүк Кореянын төрагасынын орун басары Ким Йоң Чол баштаган өкүлдөр менен бул аптада мамлекеттик катчы Майк Помпео жолугат. Помпео буга чейин өзү эки жолу Пхеньянга барып, Ким Чен Ын менен кездешип кайткан.

АКШ алдыдагы саммиттин эң башкы жыйынтыгы - Пхеньяндын өзөктүк куралдан толугу менен баш тартуусу болушу керек жана бул “ишенимдүү текшерүү” аркылуу ырасталышы зарыл деп эсептейт.

Түндүк Кореянын лидери былтыр ракеталарын улам-улам сынагандан кийин быйыл жыл башынан бери өзөктүк куралдан баш тартууга ыктай баштаган ниетин көргөзүүдө.

Былтыр Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы экономикалык санкцияларын бир нече айлампа менен күчөткөн. АКШ да былтыр жана быйыл бир нече айлампа менен Түндүк Кореяны каржы булактарынан ажыратууну караган өз санкцияларын киргизген. Ал санкциялардын баары азыр да күчүндө. (UE)

XS
SM
MD
LG