Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:08

Бельгия: кол салууда үч адамдын өмүрү кыйылды


Льеж шаарындагы атышуу болгон жер. 29-май, 2018-жыл.
Льеж шаарындагы атышуу болгон жер. 29-май, 2018-жыл.

Бельгиянын Льеж деп аталган шаарында белгисиз адам көчөдөгүлөргө ок чыгарып, андан эки полиция кызматкери жана бир адам набыт болду. Кол салган киши өзү да коопсуздук күчтөрүнүн огунан жан берди. Льеж шаарынын прокуратурасы окуяны азырынча "теракт" катары карап жатканын билдирди.

29-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10-30да Льеж шаарынын борборундагы кафелердин биринин жанынан белгисиз киши бычак менен ошол жерде турган эки полиция кызматкерине кол салган. Ал полициячы айымдардын биринин куралын тартып алып, ошол жерден экөөн тең атып өлтүргөн. Андан соң өтүп бараткан автоунаанын жүргүнчүсүнө да ок чыгарган.

Бельгиянын атайын кызматтары келгиче шектүү жакын жердеги мектептердин бирине кирип барып, ал жерди жыйнап-тазалаган аялды туткунга алууга үлгүргөн. Коопсуздук күчтөрү шектүүнү атып өлтүрүшкөн. Окуя болгон жерге барган Бельгиянын премьер-министри Шарльз Мишель курман болгондордун жакындарына көңүл айтты:

- Льежде абдан кайгылуу окуя болду. Биз Ички иштер, Коргоо министрликтери жана атайын кызматтар менен биргеликте иликтөө иштерин баштадык. Атышууда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, колдообузду көрсөткүм келет. Кийинчерээк биз бул тууралуу кеңири маалымат беребиз.

Бельгиянын премьер-министри Шарльз Мишель. Брюссель. 23-ноябрь, 2015-жыл.
Бельгиянын премьер-министри Шарльз Мишель. Брюссель. 23-ноябрь, 2015-жыл.

​Социалдык тармактарга күбөлөр жайгаштырган видеодо Льеж шаарынын борборунда эл ызы-чуу түшүп, ары-бери чуркап жүргөндөрүн көрүүгө болот. Окуя болгон жер курчоого алынды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары шектүү 36 жаштагы Бенжаман Эрман Бельгиянын жараны болгонун, ал буга чейин маңзатка байланыштуу эркинен ажыратылып, жакында эле мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулганын жазышты. Кээ бир күбөлөр болсо ал кол салган маалда "Аллах акбар" деп кыйкырганын укканын айтышууда. Айрымдар шектүү адам абакта отурган маалда радикалдашып кетүүсү мүмкүндүгүн жоромолдоп жатышат.

Льеж шаардык прокуратурасы чабуул "теракт" катары каралып жатканын жана окуяны иликтөөгө Террорчулукка каршы күрөшүү кызматтын өкүлдөрү киришкенин маалымдады. Франциянын президенти Эммануэл Макрон коңшу Бельгия калкына француздардын атынан көңүл айтып, кол салууну сынга алды.

- Мен Бельгия элине француздардын атынан тилектештик билдиргим келет. Биз бүгүн эртең менен Бельгияда эмне болгонун уктук. Прокуратура "теракт" деп карап жаткан бул акылга сыйбас чабуул. Азырынча кандайдыр бир комментарий берүү эрте, бирок Франция элинин атынан бельгиялык коңшуларыбызга көңүл айтып, азаларын тең бөлүшөрүбүздү айткым келет.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон. София. 17-май, 2018-жыл.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон. София. 17-май, 2018-жыл.

​Белгиянын жалпы аймагында 2016-жылдын 22-мартындагы бир нече жардыруудан кийин террор коркунучунун эң жогорку деңгээли киргизилген бойдон алына элек. Анда 32 киши курман болуп, жарадарлардын саны 250гө чамалаган. Эки жыл мурунку калаба үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал уюму алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG