Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Кыргызстанда алгачкы жолу "Kyrgyzstan Tourism Expo 2018" туризм көргөзмөсү өтөт


Ысык-Көл облусу, Каракол шаары. 2016-жыл.
Ысык-Көл облусу, Каракол шаары. 2016-жыл.

23-июнда "Супара" этнокомплексинде алгачкы ирет "Kyrgyzstan Tourism Expo 2018" аттуу жыл сайын өткөрүлүүчү туризм көргөзмөсү болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири Жайнагүл Дөөлөтбекова билдирди:

- Буга чейин мында ири көргөзмөлөр өткөрүлгөн эмес. Болгону туризм форумдары өткөрүлүп, бирок ага пансионаттар жана санаторийлер гана катышып, турфирмалар катышчу деле эмес. Ал эми бул көргөзмөгө катышуучулар Кыргызстандын жети дубанынан келишет. Аймактык катышуучуларга "Туристтерди кандай кабыл алыш керек?", "Мейманкана бизнесин кандай жүргүзүш керек?" деген тренингдер өтүлөт.

Мындай ири көргөзмө Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлгөнү турат. Иш-чаранын катышуучулары жаңы өнөктөштөрдү жана кардарларды таап, туризм тармагындагы суроо-талаптар жөнүндө маалымат алып, атаандаштык чөйрөсүн изилдеп жана туризмди өнүктүрүү усулдары менен тааныша алат. Көргөзмөгө жүзгө жакын компания жана миңдей катышуучу келиши күтүлүүдө. (KR)

XS
SM
MD
LG