Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү адам күнөөсүн мойнуна алды


Улан Саляновдун үйү.
Улан Саляновдун үйү.

Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү үч адамдын бири күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Ички иштер министрлигинин өкүлү Нурбек Абдиев билдирди.

Абдиевдин айтымында, экинчи шектүү Орусияда кармалган. Учурда аны Кыргызстанга алып келүү иштери жүрүп жатат. Үчүнчү шектүү адам Орусиянын жараны экени аныкталды, ал азыр издөөдө.

Абдиев белгилегендей, баштапкы иликтөө кол салуу карактоо максатын көздөгөнүн көрсөттү.

Мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы юстиция министри Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду былтыр 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы окуяны Салянованын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, "саясий негизи бар" деп сыпаттаган. ИИМ кылмышта саясий мотив жоктугун жана ал карактоо максатында болгонун маалымдаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG