Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Түркмөнстанда эркин журналист жаңы опузалоого кабылды


Солтан Ачилова.
Солтан Ачилова.

Ашхабадда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы Солтан Ачиловага дагы бир жолу кол салуу болду. 9-майда 68 жаштагы Ачилова борбор шаардын четиндеги өчпөс отко гүл коюу салтанатын сүрөткө тартканы барганда кара костюмчан төрт киши аны кармап, сүрөттөрдүн бардыгын жок кылууну талап кылган. Болбосо "баңгизат сатып алганы" үчүн кармашаарын айтып коркутушкан. Кабарчы баш тартканда, камерасын күчкө салып тартып алып, сүрөттөрдү жок кылышкан. Журналистти эки сааттай кармап, "Азатлык" радиосуна иштөөдөн баш тарттырууга аракеттенишкен.

Буга чейин Ачиловага эки жолу кол салынган, бир нече ирет кармашкан. Мындан эки күн мурда эле Түркмөнстан Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча кеңешинде отчет берген. Тышкы иштер министринин орун басары Вепа Хажиев "Азатлык" радиосунун кабарчылары өлкөдө тоскоолдуксуз иштеп жатканынын өзү эле Түркмөнстанда сөз эркиндиги чектелбейт дегенди көрөгөзөт" деп айткан.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Томас Кент түркмөн тышкы мекемесинин жооптуу өкүлү жасаган билдирүүнү «акарат келтирүү» деп атап, 2014-2016-жылдар аралыгында медиакорпорациянын алты журналисти мамлекет өзү колдогон коркутуп-үркүтүүдөн улам ишмердигин токтотконун эске салды.

"Азатлык" радиосунун кабарчысы Сапармамед Непескулиев 2015-жылдын июль айынан бери «баңгизат иши» боюнча үч жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Кесиптештери ал журналисттик ишмердиги үчүн жазыксыз жерден куугунтукка кабылганын белгилешет.

XS
SM
MD
LG