Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

Матраимов менен өкмөттүн соту 10-майга калды


Сапар Исаков жана Райымбек Матраимов.
Сапар Исаков жана Райымбек Матраимов.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкмөткө каршы жазган арызы боюнча бүгүнкүгө белгиленген сот тараптардын өкүлдөрү келбей калгандыктан өткөн жок. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сот 10-майга, саат 9:00гө белгиленди.

Матраимов өкмөттүн аны кызматтан алуу тууралуу чечимин "мыйзамсыз" деп табууну жана кайра кызмат ордуна кайтарууну өтүнүп сотко кайрылган.

Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан былтыр 23-ноябрда бошотулган. Ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков өз буйругун анын иши "саясий жетекчилик кабыл алган чечимдерге жана жүргүзгөн саясатка ылайык келбейт" деп негиздеген. Матраимов иштен кеткенден кийин быйыл жыл башында Мамлекеттик бажы кызматы Ош бажысы күн сайын 15 миллион сом төлөм чогулта баштаганын, мурда болжолдонгон 7 миллион сомдун ордуна болгону 1,5-2 миллион сом гана жыйналганын жарыялаган.

Анын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов “Азаттыкка” Исаков инисин "экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен кызматтан алганын” айткан. Мындан тышкары ал бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө чек аралардын ачылышын, жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилишин жүйө келтирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG