Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

БУУнун делегациясы рохинжа мусулмандарынын маселесин териштирет


Бангладештеги качкындар лагериндеги рохинжалар БУУнун тобун тосуп турушат. 29-апрель, 2018-жыл.
Бангладештеги качкындар лагериндеги рохинжалар БУУнун тобун тосуп турушат. 29-апрель, 2018-жыл.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин делегациясы Мьянмага барып, 700 миң рохинжа качкындарынын тагдырына байланышкан түйүндүү маселени чечүүгө аракет кылат.

Былтыр рохинжа мусулмандары Мьянма армиясынын репрессиясынан улам коңшу Бангладешке качууга мажбур болушкан. Коопсуздук кеңешиндеги 15 өлкөнүн дипломаттары Мьянманын лидери Аун Сан Су Чжи жана аскер башчысы Мин Аун Хлаин менен жолугушканы турат. 1-майда делегация кыргын болгон Ракхайн штатына да барат.

Мьянманын куралдуу күчтөрү былтыр жикчилдерге каршы күрөштө карапайым элге зомбулук көрсөтүп, айылдарын өрттөп, андан жүздөгөн адамдар өлгөнү кабарланган. "Чек арасыз дарыгерлер" ошол учурда Ракхайн штатында кеминде тогуз миң киши кырылганын билдирген.

Жекшембиде БУУнун делегациясын Бангладештеги лагерлерде жашаган жүздөгөн качкындар “Акыйкаттык күтөбүз”, “Кайтканда, үйгө барганда коргоо керек” деген плакаттар менен тосуп алышты.

XS
SM
MD
LG