Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Сирия армиясы: күрт күчтөрү ээлеген бир нече кыштак алынды


Сириялык күрттөрдүн Элдик коргонуу кошууну - YPG Ракка шаары бошотулгандан кийин майрамдаган учур. 17-октябрь, 2017-жыл.
Сириялык күрттөрдүн Элдик коргонуу кошууну - YPG Ракка шаары бошотулгандан кийин майрамдаган учур. 17-октябрь, 2017-жыл.

Сирия армиясынын билдиргенине караганда, алар өлкөнүн Ирак менен чек арасына жакын, Евфрат дарыясынын чыгыш жагынан, АКШ колдогон күрт күчтөрүнөн бир нече кыштакты тартып алды.

Сириянын мамлекеттик телеканалы 29-апрелде кабарлагандай, ал кыштактарды жергиликтүү күрттөрдүн YPG аскерий кошууну “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерин Деир-эз-Зор провинциясынан сүрүп чыгаруу учурунда ээлеген.

Президент Башар Асаддын армиясы “Ислам мамлекети” тобуна каршы өнөктүк учурунда Сирия демократиялык күчтөрүнө кирген күрт кошуундары менен өтө сейрек кагылышып, буга чейин Евфрат дарыясынын чыгышындагы аймактарга келген эмес.

Асаддын күчтөрү мунун ордуна Евфрат дарыясынын согушкерлерден алар бошоткон аймактарды көзөмөлдөөгө көңүл буруп жаткан.

Дамасктагы бийлик менен кызматташпаган, АКШ колдогон Сирия демократиялык күчтөрү былтыр күздө “Ислам мамлекети” тобунун де-факто борбору саналган Ракка шаарын да бошотушкан. (UE)

XS
SM
MD
LG