Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Ташкент сапары маалында эки мамлекеттин кызматташтыгына байланышкан 17 документке кол коюлду.
Алардын ичинде транспорт, жол транзити, айыл чарба, илим жана техника, профсоюз, спорт жаатындагы иштер, аймак аралык кызматташтык, соода үйлөрүн ачуу, ишкерлер кеңешин түзүү сыяктуу маселелер бар. Ошондой эле эки өлкөнүн окуу жайларынын жана маалымат-байланыш технологиялары багытындагы кызматташтык тууралуу 15 документке кол коюлганы маалым болду. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев жолугушууну жогору баалады:
- Биз кызматташтыгыбызды ар тараптуу, кенен-кесир талкууладык. Бардык багыттар боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетиштик жана чечилбеген маселелер калган жок. Ошондой эле биздин өлкөлөрдүн өнөктөштүгүн мындан ары да өнүктүрүүнү белгиледик. Бул иштердин баары – биздин эл, биздин балдардын келечеги үчүн жасалууда.
Түркмөнстан менен Өзбекстандын товар жүгүртүүсү былтыр 177 миллион долларды түзгөн. Мирзиеёв быйылкы жылдын январь айынан бери товар алмашуунун көлөмү 55 пайызга өскөнүнө токтолду. Ташкентте өзбек кесиптеши менен жолукканда Гурбангулы Бердымухамедов буларды айтты:
- Биздин соода-экономикалык кызматташтыгыбызды, атап айтканда, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн көбөйтүүнү сөз кылдык. Ошондой эле эки өлкөнүн бизнес коомчулугу аркылуу да кызматташтыкты өнүктүрүүнү, анан албетте, биргелешкен ири долбоорлорду баштоону белгиледик. Транпорт, коммуникация, энергетика жаатында стратегиялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча да макулдашууга жетиштик. Ушул кезге чейин эки тараптын аракети менен бул жаатта көп иштер жасалды.
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев өз сөзүндө Өзбекстан ТАПИ – Түркмөнстан -Ооганстан-Пакистан-Индия газ куурун куруу долбооруна катышууга ниет кылып жатканына да токтолду. Буга чейин Бердымухамедов газ куурун куруу үчүн Өзбекстандан материалдык жана моралдык колдоо сурай турганы айтылып жаткан.
"Азаттыктын" Борбор Азия боюнча талдоочусу Брюс Паниер ТАПИ долбоору ишке ашарынан күмөн санайт:
- Бул канчалык ишке ашарын айтыш кыйын. Анткени Өзбекстандын өзүндө азыр инвестицияга акча аз. Экинчиден, идея жакшы болгону менен ТАПИ канчалык пайда бере турган долбоор экени белгисиз.
"Интерфакс" агенттигинин жазышынча, Бердымухамедов ушул эле долбоорго колдоо көргөзүү өтүнүчү менен былтыр 16-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путинге да кайрылган. Бирок Путин “бул сыяктуу долбоор канчалык ишке ашарын карап көрүү керек” деп билдирген.
Өзбекстан менен Түркмөнстандын президенти коопсуздук, анын ичинде Ооганстандагы абалды да талкуулады. Талдоочу Брюс Паниер эки өлкөнүн кызматташтыгына мындайча баа берди:
- Бердымухамедовдун азыр Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң жакын мамилеси Өзбекстан менен болууда. Түркмөн президенти Назарбаев менен да, Рахмон менен да cүйлөшөт, бирок анчалык эмес. Түркмөнстан менен Өзбекстандын өз ара кызыкчылыктары бар. Мисалы, алар Евразия экономикалык биримдигинин да, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун да мүчөсү эмес.
Мирзиёев Түркмөнстанга былтыр 6-7-мартта мамлекеттик сапар менен барган. Бул анын президент болуп шайлангандан кийинки биринчи чет өлкөлүк визити болгон. Өзбек лидери кийин да Түркмөнстанга эки ирет келип кеткен.
Ал эми Бердымухамедов Ташкентке 2015-жылы мамлекеттик сапар менен келсе, 2016-жылы мурдагы өзбек президенти Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан.