Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Путин жана Назарбаев Сирия резолюциясынан кийин телефондон сүйлөштү


Н.Назарбаев жана В.Путин. 2017-жылкы сүрөт.
Н.Назарбаев жана В.Путин. 2017-жылкы сүрөт.

Ак ордонун билдиргенине караганда, Казакстан менен Орусиянын президенттери Нурсултан Назарбаев жана Владимир Путин бүгүнкү телефон сүйлөшүүсүндө Сирия жаңжалынын айланасындагы кырдаалды, эки тараптуу кызматташтыктын, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартиптин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул сүйлөшүү орус тараптын демилгеси менен болгон.

Сүйлөшүү тууралуу толук маалымат азырынча бериле элек. Бирок сүйлөшүү БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусия демилгелеген резолюция четке кагылып, ага байланыштуу Казакстандын дарегине Орусиянын мамлекеттик телевидениесинде айтылгандар боюнча казак Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасагандан кийинки учурга туш келди.

15-апрелде “Россия” каналында алып баруучу Владимир Соловьев "Казакстан менен Орусиянын ортосун кара мышык аралап кеттиби же кийинки Майдан Казакстанды Орусиядан ажыратыш үчүн Казакстанга багытталат деп күтсөк болобу?”,- деп айткан.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги буга жооп кайтарып, орусиялыктарды “расмий билдирүүлөргө” гана багыт алууга чакырган.

Соңку химиялык чабуул деп сыпатталган окуядан улам АКШ, Британия, Франция өткөн ишемби күнү Сириянын химиялык курал программасына “конкреттүү байланышы” бар үч жайына 100дөн ашуун ракета менен сокку урган.

Орусиянын биргелешкен бул аскерий аракетти “агрессия” катары баалаган резолюциясы 14-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңешинде добушка салынганда үч эле өлкө колдоп, сегизи каршы чыккан, төртөө, анын ичинде Казакстан калыс калган.

Күбөлөр, оппозиция активисттери, Батыш өлкөлөрү 7-апрелде Дума шаарына курамында хлор жана зарин газы бар бомба ташталганын, анын айынан кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылганын билдиришкен. Алардын арасында балдар да бар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун бүтүмү боюнча Думада мерт болгон 43 киши "өтө уулуу химиялык заттын таасирине шайкеш келген белгилерден" жабыр тарткан.

Москва менен Дамаск бул окуяны “чагым” катары мүнөздөп, эч кандай химиялык чабуул болбогонун айтып жатышат. (UE)

XS
SM
MD
LG