Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

Тогуз-Торонун тургундары Бишкекте да митингге чыгышты


Бишкектеги митингчилер.
Бишкектеги митингчилер.

Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин алдында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун элүүдөн ашык тургуну нааразылык акциясына чыгышты.

Алар башаламандыкка байланыштуу кармалган кишилерди бошотууну жана Макмал кенинде алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын курулушун токтотууну талап кылып жатышат. Чогулгандардын пикиринде бул завод жергиликтүү элдин ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө.

Эртеден бери Тогуз-Торо районунун борборунда да жүздөгөн адамдар нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. Алар да милиция кармап кеткен 15 адамды бошотууну талап кылышууда.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Тогуз-Торо районунда коомдук коопсуздук көзөмөлдө экенин билдирди. Андан мурдараак Ички иштер министрлиги Тогуз-Торо районундагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 15 киши кармалганын кабарлаган.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан. Ички иштер министрлиги акция учурунда ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлгөнүн кабарлаган. Чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиция кызматкери жабыркаганы маалымдалган.

Факты боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Ээнбаштык") жана 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") менен кылмыш ишин козгогон. (ErN)

XS
SM
MD
LG