Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:00

Черногорияда президенттик шайлоо өтүп жатат


Подгорицадагы добушканалардын бири. 15-апрель, 2018-жыл.
Подгорицадагы добушканалардын бири. 15-апрель, 2018-жыл.

Черногорияда бүгүн президенттик шайлоо өтүп жатат. Президенттикке жети талапкер ат салышууда. Алар -" Чыныгы Черногория" партиясынан Марко Милачич, бириккен оппозициянын өкүлү Младeн Бояничи, Акыйкат жана ынтымак партиясынын төрагасы Хазбий Калач, Пенсионерлер жана майыптар партиясынан Василий Миличкович, "Серб коалициясынан" Добрило Дeдeич, Социал-демократтар партиясынан Драгинья Вуксанович, Социалисттердин демократиялык партиясынан талапкер Мило Жуканович.

Шайлоодо Мило Жуканович лидер болоору айтылууда. Азыркы президент Филипп Вуянович талапкерлигин койгон жок.

Черногория мыйзамына ылайык, мамлекет башчы болуп биринчи турда шайлоочулардын теңинен көбүнүн добушун алган талапкер шайланат. Эгер алардын бири да тиешелүү добуш албаса, эки жумадан кийин экинчи тур өтүп, ага биринчи турда жеңип чыккан эки талапкер катышат.

Шайлоо 2006-жылы Черногориянын көз карандысыздыгы калыбына келгенден бери үчүнчү жолу өтүп жатат.

2016-жылдагы парламенттик шайлоо мамлекеттик төңкөрүш аракети менен коштолуп, 20 киши аны "уюштурган, мурдагы премьер-министр Мило Жукановичти өлтүрүү максатын көздөгөн" деп айыпталган.

Төңкөрүш аракети Черногориянын НАТОго киришине жол бербөө аракети менен байланыштуу.

XS
SM
MD
LG