Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

Өкмөт башчы Өзгөндөгү кырдаал боюнча ӨКМге тапшырма берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Сапар Исаков Өзгөндө үйлөрдү суу каптоосунун алдын алууну өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алган учурда тапшырып, муну жеке көзөмөлүнө алууну буйруду. Исаков түрдүү кырсыктардын алдын алуу маселеси өкмөттүн алдындагы негизги маселе экенин билдирип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кырсыктардын алдын алуу иштерин тынымсыз жүргүзүп турууну милдеттендирди.

Оштун Өзгөн районунда Кара-Дарыянын суусу кирип, айдоо аянттарын каптай баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-апрелде билдиргендей, Баш-Дөбө айыл аймагында 253 гектарды суу каптаган.

Андан тышкары, 50 турак үйдү суу каптоо коркунучу жаралды. Министрликтин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы алдын алуу жана кырсыктын кесепеттерин жоюу жаатында иштеп жатат.

Кыргызгидромет өлкө аймагында 10-11-апрелде жаан-чачын көп болорун, тоолуу аймактарга кар түшөрүн, дарыяларда суу кирип, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал экенин эскерткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG