Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

"Электр станциялары" ишканасынын башчылары кармалды


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бишкек Жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

УКМК 2-апрелде Бишкек ЖЭБинин, "Электр станциялары" ААКынын жана "Улуттук энерго холдинг" ААКнын бир топ кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 221 ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабышы") беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кыдырбаев менен Бримкулов ушул кылмыш иши боюнча айыпталууда. Узак Кыдырбаев бул кызматка 2017-жылы 3-июлда дайындалган.

Атайын кызматтын басма сөз борбору билдиргендей, бул кылмыш иши Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча 30-январда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган.

Узак Кыдырбаев жана Темирлан Бримкулов учурда УКМКнын тергөө жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG