Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Косоводо Түркияга депортация болгондор үчүн эки жетекчи иштен алынды


Түркияга депортациялангандардын үй-бүлө мүчөлөрү Косово премьер- министринин кеңсесине келген учур. Приштина, 30-март, 2018-жыл.
Түркияга депортациялангандардын үй-бүлө мүчөлөрү Косово премьер- министринин кеңсесине келген учур. Приштина, 30-март, 2018-жыл.

Косовонун премьер-министри Рамуш Харадинаж бүгүнкү билдирүүсүндө өлкөнүн ички иштер министри менен чалгын агенттигинин башчысын кызматтан алды.

Харадинаж өз билдирүүсүндө мындай чечимин Түркиянын алты жараны Анкарага депортация кылган операциядан кабардар болбогону менен түшүндүрдү.

Ал эми Косово парламентиндеги оппозициячыл депутаттар премьер-министр өкмөттүк институттарды көзөмөлдөй албай калды деген жүйө менен мөөнөтсүз шайлоо өтүшүн талап кылышты.

Мамлекеттик “Анадолу” жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, Косоводо камалган алты адамды 29-мартта алып келүү үчүн Түркиянын чалгын кызматы (MIT) жеке менчик учакты колдонду.

Маалыматтарга караганда, Косово Түркияга депортация болгондор АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүлендин мектептер түйүнүнө тиешеси барлар.

Түркия бийлиги Гүленди 2016-жылкы аскерий төңкөрүш аракетинин артында турган деп айыптаган. Диниятчы болсо мындай ырастоолорду четке каккан.

Адвокат Адем Вокшинин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиришинче, Түркияга депортация болгондордун бири дарыгер жана анын Гүлендин мектептерине эч тиешеси жок.

“Анадолу” жаңылыктар агенттигинин жазганына караганда, Анкара өткөрүп алгандар Гүлендин түйүнүнө адамдарды тартканы, кээ бир адамдардын Түркиядан чыгып кетишине жардам бергени үчүн жоопкер.

Косовонун Адам укуктары кеңеши бийликти “Эрдогандын саясий оппонеттерин” Анкарага өткөрүп бербөөгө чакырган.

Түркия - 2008-жылы Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаган Косовонун башкы колдоочусу. Өлкөнүн жалгыз аэропортун, электр түйүнүн түрк компаниялары башкарат жана түрк фирмалары эки миллиард долларга эки кан жол куруп жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG