Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Ташкент-Дүйшөмбү: виза тартиби жоюлду


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев (солдо) жана тажик лидери Эмомали Рахмон.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев (солдо) жана тажик лидери Эмомали Рахмон.

Өзбек-тажик жарандары дээрлик 17 жылдан кийин кайра эки тарапка визасыз каттай башташты. Өзбек президенти Шавкат Мирзиеёвдин Дүйшөмбүдөгү сапарында кол коюлган виза режимин жоюу тууралуу макулдашуу 19-мартта расмий күчүнө кирди.

Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен Турсунзаде районундагы өткөрмө бекетте эки жакка каттаган эл көбөйдү.

Эми тажик жарандары мурдагыдай виза койдуруп отурбастан, жалпы жарандык паспорт менен эле Өзбекстанга бара алышат. Өзбек атуулдарыныкы андан оңой. Алар ички паспорт менен эле тажик тарапка өтүшөт.

Өзбекстандагы туугандарын көрүп келген тажикстандык аксакал "Азаттыктын" кабарчысына ой бөлүштү:

- Мен 17 жылдан кийин биринчи жолу барып келдим. Туугандарымды көрүп келдим. Көзү өтүп кеткендердин түбөлүк жайына бардым. Көзү тирүүлөрү менен баарлашып кайттым.

Эки өлкө ортосундагы виза режимин жоюу макулдашуусуна өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен тажик лидери Эмомали Рахмон 9-мартта Дүйшөмбүдө кол коюшкан. Андан бери чек арадагы бир катар өткөрмө бекеттерде каттам жеңилдей баштаган. Бардык жарандар үчүн визасыз каттам толугу менен 19-мартта күчүнө кирди.

Өзбек-тажик чек арасы.
Өзбек-тажик чек арасы.

Эми өзбек-тажик жарандары коңшу өлкөдө 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Визанын жоюлушу чек аралаш райондордун ортосундагы сооданы да жакшырткандай. Чек арадан жер-жемиш, жумуртка салынган чоң-чоң кутулар алып өткөндөр аз эмес.

- Бизден алмурут алышат. Биз алардан анар жана жумурка алып жатабыз. Аларда баа жакшы. Эч кандай маселе жок, - деди тажикстандык соодагер.

Өзбекстан 2001-жылы тажик жарандарына виза режимин киргизген. Андан көп өтпөй тажик бийлиги да өзбек атуулдарына визасыз каттоого тыюу салган. 2000-жылдардын башында чек арада жашаган жарандарга коңшу өлкөгө өтүү жеңилирээк болсо, 2008-жылдардан кийин маркум Ислам Каримов жетектеген Өзбекстан менен Тажикстандын алакасы кескин начарлап, визасыз каттам дээрлик мүмкүн болбой калган.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери эки коңшу мамлекеттин ымаласы жакшырып, ушул кезге чейин чек арадагы жабык турган 14 пункттун баш-аягы тогузу ачылды. Былтыр жыл башында Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда чейрек кылымдан кийин авиакаттам жанданды.

Өзбек-тажик чек арасы.
Өзбек-тажик чек арасы.

Мирзиёевдин 9-10-марттагы "тарыхый" деп мүнөздөлгөн мамлекеттик сапарында эки тарап кеминде 25 документке кол коюшкан. Виза маселесинен башка эки лидер 2019-жылдын аягына чейин чек арадагы миналарды зыянсыздандырууну макулдашкан. Бул миналарды өзбек тарап 1999-жылы "Өзбекстан ислам кыймылы" экстремисттик тобунун согушкерлеринен коргонуу максатында койгонун белгилеп келет. Андан бери чек арадагы миналар жарылып, тажик тараптан эле кеминде 70 киши мерт болгону кабарланган.

Мындан тышкары өзбек тарап Каримов караманча-каршы болуп келген Тажикстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго, анын ичинде Рогун ГЭСинин курулушуна катышуу маселесин караштырмай болду.

Бирок Өзбекстан менен Тажикстандын 1330 чакырымга созулган чек арасынын кеминде 20 пайыздайы тактала элек.

Трамптын "дүрбөлөңү", өзбек-тажик алакасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:53 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG