Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Жон Хайтен: Орусия канаттуу ракеталарды жасап жайгаштырууну күчөттү


Орусиянын суу алдында жүрүүчү кемеси Жер ортолук деңизинен Сирияга канаттуу ракета аткан учур. 14-сентябрь, 2017-жыл.
Орусиянын суу алдында жүрүүчү кемеси Жер ортолук деңизинен Сирияга канаттуу ракета аткан учур. 14-сентябрь, 2017-жыл.

Орусия канаттуу ракеталарын жайгаштырууну күчөткөнү тууралуу АКШнын өзөктүк күчтөрүнүн же стратегиялык командачылыгынын башчысы, генерал Жон Хайтен Сенат комитетиндеги жыйында, 20-мартта билдирди.

Бул билдирүү Орусиянын президенти Владимир Путиндин өткөн айдагы жарыясынан кийинки учурга туш келди.

Путин анда Федералдык кеңешке кайрылуусунда Орусия өзөктүк куралдын жаңы системаларын, анын ичинде коргонуу системаларынын “бирине да кармалбай турган” баллистикалык жана канаттуу ракеталарды иштеп чыкканын ачыктаган.

АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын администрациясы Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимди (INF) бузуп жатканы үчүн Орусияны биринчи ирет расмий түрдө 2014-жылы айыптаган.

1987-жылы түзүлгөн бул келишим жерден, кемелерден атылуучу орто аралыктагы канаттуу жана баллистикалык ракеталардын Европада турушуна тыюу салган. Бул документ Москва менен Вашингтондун ортосунда куралды көзөмөлдөө боюнча чечүүчү документ болуп да саналчу.

Президент Путин болсо өткөн айдагы сөзүндө "АКШ Баллистикалык ракеталарга (ABM) каршы келишимден 2002-жылы чыгып, Москванын эскертүүлөрүнө көңүл бурбай койгон соң Орусия өзөктүк арсеналдарын жаңыртууга аргасыз болду" деп ырастаган. (UE)

XS
SM
MD
LG