Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:18

Орусияда кулчулук киши ылгабайт


Олег Мельников.
Олег Мельников.

Орусияда кыргызстандык мигранттар кантип кулчулукка кабылат? Чет жерде жумушка орношууда эмнелерди эске алыш керек? Орусияда кулчулукка кабылган адамдарга жардам көрсөткөн «Альтернатива» кыймылынын негиздөөчүсү Олег Мельниковдун «Азаттык» менен маеги.

19- мартта Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусиянын Рязань шаарындагы тигүү цехинде кулчулукта жүргөн кыргызстандык 13 аял куткарылганын маалымдады. Кыргызстандан ортомчу аркылуу ишке алынып келинген кыргызстандыктар күнүнө 20 сааттан оор шарттарда иштөөгө мажбур болушкан. Жумуш берүүчү менен түзүлгөн эмгек келишиминде көрсөтүлгөн иш шарттары (айлык акы көлөмү, акысыз турак жай жана тамак-аш берүү) сакталган эмес.

Рязань шаары.
Рязань шаары.

Мындай окуя 2015-жылы да катталган. Анда Ковров шаарында мыйзамсыз иштеген тигүүчү цехтен элчиликтин жардамы менен сегиз кыргызстандык жаран кулчулуктан чыгарылган. Ошондой эле Орусияга ортомчу тараптар же агенттиктер аркылуу ишке алынып келип, алдын-ала түзүлгөн келишим боюнча оор иш шарттарында иштөөгө мажбур болгон мигранттар да кездешет.

"Азаттык": Орусияда борбор азиялык мигранттар кандай себептерден улам кулчулукка түшүп калып жатышат?

Мельников: Көпчүлүк учурда мигранттар мекенинен Орусияга ишке чыгып баратканда эле кулчулуктун кылтагына түшөт. Адатта адамга жакшы жумушту убада кылып, аны чет жакка алып келгендер биринчи документтерин алып коюшат. Андан кийин жол чыгымдарын, тамак-ашка, миграциялык документтерди алууга кеткен акчасын эсептеп, мигранттарды карыз кылып, аны бекер иштөөгө мажбурлашат. Адам чет жакта документи, акчасы жок калып, качууга аракет кылганда, ага физикалык зомбулук көрсөтүлөт.

Москвада мигранттарды убактылуу кармай турган Сахарово борбору. Архивдик сүрөт.
Москвада мигранттарды убактылуу кармай турган Сахарово борбору. Архивдик сүрөт.

"Азаттык": Мындай көрүнүш канчалык жайылган?

Мельников: Мындай кырдаал кыйла кеңири жайылган. Бизге башка уюмдар аркылуу Өзбекстандан, Казакстандан да кайрылгандар болот. Адатта бул чакан өндүрүш мекемелеринде жана тейлөө кызматтарында жолуккан көрүнүш. Бул бир гана Москвада же Орусияда эмес, дүйнө жүзүндө болуп жаткан нерсе.

"Азаттык": Мигранттар кабылган эмгек кулчулугун кантип мүнөздөсө болот?

Адам кандайдыр жумушту аткарууга мажбурланса, физикалык же психологиялык зомбулуктан корксо, өзүнө ээлик кыла албай эркиндиги чектелсе - бул эмгек кулчулугунун белгилери.

Мельников: Эл аралык эмгек уюмунун аныктамасы боюнча адам кандайдыр жумушту аткарууга мажбурланса, физикалык же психологиялык зомбулуктан корксо, өзүнө ээлик кыла албай эркиндиги чектелсе - бул эмгек кулчулугунун белгилери. Мигранттар кулчулукка көбүнчө акчалай кызыкчылыгын көздөгөн ортомчу адамдар аркылуу кабылышат. Кандайдыр агенттиктер аркылуу кабылгандар да бар.

"Азаттык": Орусияга ишке келе жаткан мигранттар эмнелерди эске алышы керек?

Мельников: Бир жакка ишке баратканда биринчи кезекте кайда баратканын жакшы түшүнүп, жумуш берүүчү жөнүндө маалымат топтоп, алдын-ала эмгек келишимин түзүп, иш шарттарын макулдашып алышы керек. Мигранттар бирөөлөргө өзүнүн телефонун жана өздүк документтерин бербеши керек.

"Азаттык": Кулчулукка түшүп калган мигранттар эмне кылышы керек?

Мельников: Чет жерде кулчулукка кабылып калса - биринчи кезекте жакын туугандарына кабарлаш керек. Алар болсо бизге кайрылышат. Анан албетте, укук коргоочу уюмдарга жана органдарга кайрылуу керек.

Метродо иштеген кыргыз мигранттары. Архивдик сүрөт.
Метродо иштеген кыргыз мигранттары. Архивдик сүрөт.

"Азаттык": Орусияда мигранттардын эмгек укуктары кандай корголот? Эмгек инспекциясына, полицияга кайрылуудан жыйынтык болобу?

Мельников: Ал жакта бюрократиялык баскычтар көп. Адам өмүрүнө коркунуч келген болсо, биз биринчи кезекте аны кулчулуктан алып чыгууга аракет кылабыз. Анын документтерин алып, мекенге кетирүүгө жардам беребиз. Чет жакка эмгек миграциясына чыгууга мажбур болгондор адатта ал өлкөнүн эмгек рыногундагы абалды, иш шарттарын, жумуш берүүчү менен мамилени жакшы түшүнбөгөндүктөн, ушундай кырдаалга кабылышат. Эмгек кулчулугунда 1-1,5 жылдан 10-15 жылга чейин жүргөн адамдар кездешет.

"Азаттык": Кулчулукка себепкер тараптар жазаланабы?

Дүйнөдө Беларус менен Англияда гана кулчулукка каршы берене жакшы иштейт

Мельников: Орусиянын Кылмыш кодексинде кулчулук боюнча берене начар жазылган. Дүйнөдө Беларус менен Англияда гана кулчулукка каршы берене жакшы иштейт. Башкалар бул көйгөйдү көрбөгөнгө аракет кылышкандай. Орусияда эмгек кулчулугуна чет өлкөлүк мигранттардай эле орусиялыктардын өздөрү да кабылып келет. Бул көрсөткүч дээрлик теңме-тең.

«Альтернатива» - жыныстык жана эмгек кулчулугуна кабылган адамдарга жардам көрсөткөн ыктыярчылардын коомдук уюму. Коомдук кыймыл 2001-жылы негизделип, андан бери КМШ өлкөлөрүнүн аймагында 600дөн ашуун адамга кулчулуктан чыгууга жардам берген.

2012-жылы «Альтернатива» кыймылы Москванын Гольяново районундагы «Продукты» азык-түлүк дүкөнүнөн Өзбекстан менен Казакстандын 12 жаранын кулчулуктан бошоткон. Бул иш коомдук резонанс жаратып, Мамдумада жана Орусиянын Коомдук палатасында каралган. Бирок Преображенский районунун прокуратурасы кылмыш курамы жок деген негизде ишти жаап койгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG