Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

ИМ радикал уюму Дамасктын бир районун басып алды


Соккулардын баласын көтөрүп качып бараткан аял. Чыгыш Гута аймагы. 20-март, 2018-жыл.
Соккулардын баласын көтөрүп качып бараткан аял. Чыгыш Гута аймагы. 20-март, 2018-жыл.

"Ислам мамлекети" радикал уюмунун согушкерлери Сириянын баш калаасы Дамаскка караштуу райондордун бири - Ал-Кадамды басып алышканын "Рейтер" агенттиги жазды.

Сириядагы адам укуктарына көз салган обсерваториянын маалыматына караганда, экстремисттер ал жакты өлкөнүн өкмөттүк армиясы куралдуу оппозиция кошуундарынан тазалаган соң ээлеп алган. Маалыматты Сирия армиясы бышыктай элек.

Маалыматка ылайык, Ал-Кадамдагы салгылашуулар дээрлик 24 саатка чейин уланган. Экстремисттик топтун согушкерлери президент Башар Асаддын армиясынын 40тай аскерин өлтүрүп, ондогон жоокерлерди туткунга алышкан.

Ал эми Дамасктан алыс эмес жайгашкан Чыгыш Гутада өкмөттүк күчтөрдүн соккулары уланып жатат.

Курчоодо калган аймакта гуманитардык кризис уланууда. Буга карабай Орусия Сириядагы адам укуктары боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынынын өткөрүлүшүнө бөгөт койду.

XS
SM
MD
LG