Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:44

"Электр станциялары": ТВЕА менен келишим мыйзамдуу түзүлгөн


Бишкек ЖЭБин оңдоо иштери.
Бишкек ЖЭБин оңдоо иштери.

"Электр станциялары" ишканасы ТВЕА менен келишим мыйзамдуу түзүлгөн деп эсептейт. Бул тууралуу билдирүү бүгүн тарады.

Анда Бишкек ЖЭБин жаңылаш үчүн Кытайдын ТВЕА компаниясы ачык тандалып алынганы айтылат. Аны менен келишим эл аралык талаптарга ылайык, мыйзам алкагында түзүлгөн. Келишимдин шарттары боюнча ЖЭБди жаңылоого керектүү материал жана жабдык алып келүү ТВЕА компаниясынын мойнуна жүктөлгөн, ал эми насыя акчага алынуучу товар, технология, кызмат көрсөтүүнүн баары Кытайдан гана алынышы керек.

ТВЕА белгиленген баага инвестициялык-курулуш долбоорун ишке ашырат жана башталышынан тартып, даяр объектини тапшырганга чейинки бардык тобокелдикти өзүнө алат. Мунун ичинде кепилдик милдеттенмелери да бар, компания экинчи тараптын алдында каржылык жоопкерчиликке милдеттүү.

"Эки тараптуу келишим боюнча, ТВЕА ишти баштан-аяк толугу менен аткарат, мунун ичинде долборлоо, жабдыктар менен камсыздоо жана курулуш иштери бар. Экинчиден, келишимде көрсөтүлгөн баа туруктуу, иштин, жабдыктардын жана башка нерселердин баасын келишимде көрсөтүлгөндөн ашыруу алардын мойнунда болот. Үчүнчүдөн, компаниянын жоопкерчилиги жогору. Төртүнчүдөн, келишим боюнча бардык жоготуулар ТВЕАге таандык" деп жазылган маалыматта.

"Электр станциялары" ишканасы ошондой эле Бишкек ЖЭБин жаңылоого сарпталган каражат боюнча да түшүндүрмө берген. Ага ылайык, ЖЭБдин 1 киловаттык жаңы блокторунун баасы 1287 доллар. "Бул дүйнөлүк баадан кымбат эмес. «РусГидро» - 1 кВт блокту 1600 доллардан 2300 долларга чейин баалаган" деп белгилеген "Электр станциялары" Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорунун суммасы кадимкидей деп эсептейт.

26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, борбор шаар беш күн бою жылуулуксуз калган. Былтыр эле Кытай мамлекетинен алынган 386 млн. доллар насыяга модернизацияланып, кубаттуулугу эки эсе арткан Бишкек Жылуулук электр борбору кышында элди жылуулук менен камсыз кыла албай калганы нааразылык жараткан. Бул багытта түзүлгөн депутаттык комиссия "ЖЭБди жаңылоодо айрым жабдыктар ашкере кымбат көрсөтүлгөн" деп аныктап чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG