Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:36

Кытай курган мектептин чоо-жайы


Калыс-Ордо айылындагы №86 мектеп.
Калыс-Ордо айылындагы №86 мектеп.

Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияны иликтеген депутаттык комиссия 13-мартта Кытайдын ТВЕА компаниясынын 2 млн доллар акчасына салынган мектепти көрдү. Анда мектепти курууда үч фирма алмашканы, ага мамлекеттен дагы кошумча каражат берилгени айтылды. Бирок Кытай тараптан берилген акча канчалык максаттуу иштетилгенин аныктоо дагы деле мүмкүн болбой жатат дешет депутаттар.

Калыс-Ордо конушундагы №86 мектептин директору Саламат Көлбаева өзү башкарган мектептин шартын имаратты кыдырып, ээрчитип жүрүп депутаттарга айтып берди. Анын белгилешинче, 660 орундуу деп эсептелген мектепте учурда үч эсе көп бала билим алып жатат:

- 61 класс бар, 2220 бала окуйт. 1-класста 10, 2-класста 9, калган класстарда алтыдан параллель класстар бар. Балдар кээ бир парталарда үчтөн отуруп калышат. Негизинен көпчүлүгү ушул Калыс-Ордо конушунун балдары, андан сырткары жаныбыздагы Алтын-Казык, Алга-Элим, Теңдик айылдарынан да балдар келип окуйт.

Маалым болгондой, 2014-жылы Бишкектеги жылуулук электр борборун модернизациялоого 386 млн доллар жумшаган кытайлык ТВЕА компаниясы бул суммадан сырткары 2 млн. доллар грант акчага мектеп салып бермек болгон. Ал акчага борбордун жакасындагы Калыс-Ордо конушуна 1200 орундуу мектеп жана бала бакчасы менен куруу жагы чечилген. Кийин ал 750 орунга, андан кийин 660 орунга чейин кыскарган.

Мектептеги жазуу
Мектептеги жазуу

Мындан да чырлуу жагдай - Кытай компаниясы бөлүп берген акча менен курулуш иштерин баштаган эки компаниянын иштери экспертизадан өтпөй калып, иш эки жолу токтоп калган. Кийин курулуш үчүнчү ишкана - "Айкөл курулуш" компаниясына берилип, мектепти ошол бүткөргөн. Бирок кытай тарап бөлүп берген каражатка кошумча Бишкек шаардык бюджетинен 104 млн сом бөлүнүп берилген.

Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын мүчөлөрүнө жооп берип жатып, Бишкектеги капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов буга мындайча түшүндүрмө берди:

- Алгач келишим түзүлгөндө эле кытайлык компания жалдануучу ишкананы (подрядчик) өзү тандайм деген, ал макулдашуунун 5-пунктунда жазылган. Ошонун негизинде биринчи "Альто групп" деген компанияны тандашкан, алар баарын Кытайдан алып келип курмай болгон. Бирок долбоору такыр өтпөй койгондуктан түзүлгөн келишим сотко чейин жетип бузулган. Экинчи "Главстрой" деген компания дагы жумушту убагында бүтүрбөй, келишимди үзгөнбүз. Келишимдердин баары үч тараптуу, инвестор, жалданма ишкана жана биздин башкармалыктын катышуусунда түзүлгөн. Үчүнчүсү - "Айкөл курулуш" компаниясы ишти аягына чыгарды. Бишкек мэриясынын бул мектепти аяктоо үчүн 104 миллион 395 миң сом бөлүнсүн деген буйругу да чыккан. Анткени 2 млн. доллар болгону 137 млн. сом болот, ага бир мектеп бүтпөйт. Ошондуктан башында эле келишимде Кытай тарап берген акчага Кыргызстан да акча кошуш керек болгон. Ошондуктан мэриядан 104 млн. сом акча бөлүнгөн. Бул мектеп 7 589 чарчы метр, анын сметалык баасы 348 млн. сом болгон. Бирок 266 млн. сом менен курулуп бүткөн.

Мектептин ачылышы. 2017-жыл, 1-сентябрь.
Мектептин ачылышы. 2017-жыл, 1-сентябрь.

Башкы прокуратура буга чейин үчүнчү фирма “Айкөл Курулуш” компаниясы менен мэриянын кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоп, мектепти курууга мамлекет тарабынан берилген сумманын 91 миллиону дайынсыз жоголгонун кабарлаган.

Депутаттардын ушул тууралуу суроосуна "Айкөл курулуш" ишканасынын башчысы Сейиткан Алиев мындайча жооп берди:

- Мени өзү мэриядагылар суранып алып келишкен. Анткени биз келгенде Кытай тарап берген 2 млн. доллардан болгону 759 миң доллар калган экен. Анан калганын биз кошуп беребиз дегенинен макул болуп, бул курулушту алганбыз. Ошентип 2017-жылы октябрда келишим түзгөнбүз. Ошонун натыйжасында бизге 104 млн. бөлүнүп, анын 101 млн сомун биз алганбыз. Ушул сумманын 91 млн. сому биздин эсепке түшкөн мезгилде УКМКнын балдары келип эле “чоң акча” экен дешип, мыйзамсыз деп маалымат чыгарып жиберишти. Бул жерде бардыгы мыйзамдуу иштетилген, бардык документтери мыйзамдуу. Азыр эми тиги текшерүүнүн шылтоосу менен 7 млн. сомдой акчамды ала албай жатам.

Калыс-Ордо конушуна кире бериш
Калыс-Ордо конушуна кире бериш

Депутаттар “Айкөл курулуш” фирмасынын бул маселесин да карап беришерин убада кылышты. Бирок эл өкүлдөрү Кытай компаниясы сарптаган акчаны кандай иштетилгенин тактоо мүмкүн болбой жатканын айтып, баш оорутушууда. Анткени келишим чалагайым түзүлгөн дешет алар.

Депутаттар ЖЭБдеги камералардын баасына кызыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:09 0:00

Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Аида Касымалиева Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу менен таанышкандан кийин журналисттерге буларды айтты:

- Ушундан улам "Камералардын, мектептин баасы неге кымбат?" деген суроолорго жооп жок. Кытай тарап өзү акчаны берет, жалдануучуларды да өзү тандайт. Техникалык көзөмөлдү да өзү жүргүзөт, бул үчүн алар өздөрүнө 12 миң доллар бөлдүрүп алган. Ал эми Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгы "биз тараптан да техникалык көзөмөл жүргүзүлдү, адамдарга айлык төлөндү, бизден да акча кетти" деп жатпайбы. Бирок Кытай тарап эч кандай маалымат бербей жатат, анткени келишим ошондой түзүлүп калган. Негизги маселе - ушул. "Эмне үчүн кымбат?" деп сурасаң эле кыргыз тарап колун жайып, "келишим боюнча Кытай тарап баарын өзү тандайт, сатып алат, жол акысын кошуп эсептеп, өзү алып келген" деп жатат. Бул жерден бир эле суроо туулат: келишим түзүлүп жатканда кыргыз тарап кимдин кызыкчылыгын ойлоду?

Ошентип Кытай тараптан бөлүнгөн каражаттын бир миллион доллардан ашыгынын отчету дайынсыз бойдон калууда. "Альто групп" жана “Главстрой” компанияларынан ал акчалардын дайынын Кыргызстандын күч органдары алганы-албаганы да белгисиз. Анткени аларга акчаны Кытайдын ТВЕА компаниясы өзү бергендиктен алар отчетун өздөрү алышат экен.

Жогорку Кеңештин 12 депутатынан түзүлгөн комиссия мектептеги жагдай менен таанышып, маалыматтарды жеринен көрүп алгандан кийин маселени кийинки отурумдарда карамай болду. Комиссия ЖЭБ боюнча жалпы жыйынтыгын марттын аягында чыгармай болуп турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG