Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

ТВЕА Бишкек ЖЭБине 5,5 млн. долларга жаңы цех куруп берет


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого катышкан Кытайдын ТВЕА компаниясы ЖЭБде 5,5 млн. долларлык суу даярдап берүүчү жаңы цех куруп берет.

Учурда аны куруу иштери башталганын "Азаттыкка" "Улуттук энергохолдингдин" башчысы Айбек Калиев кабарлады. Анын иши ушул жылдын июль айларында бүтө турганы 26-февралда борборду жаңылоого кеткен каражаттын чоо-жайын, кырсыктын себептерин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында да айтылды.

Комиссиянын мүчөсү, парламенттин депутаты Сайдулла Нышановдун айтымында, цех куруу алгачкы долбоорго киргизилип, кийин алынып салынган.

- Булар эмне үчүн жаңы ЖЭБди киргизе албай калды? Анткени ошол система жок. Муну Кытай тарап 5,5 млн. долларга өз эсебинен, июль айларына бүтүрүп берет экен. Бул эскисине көз каранды болбогон, жаңы, өзүнчө иштей турган цех болот. Баштапкы долбоордо бул цех курулмак, кийин келишим түзүлгөндөн кийинки долбоорго кирбей калган. Бул таң калычтуу.

Депутаттык комиссия мурдагы энергетика министри, азыркы парламент депутаты Осмонбек Артыкбаевден маалымат алды. Ал ТВЕАнын өкүлдөрү менен келишим түзүлгөнгө чейин тааныштыгы болбогонун белгиледи.

Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдык иштен чыгып, катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген жок. Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген ири суммадагы каражаттын максаттуу сарпталганы жөнүндө суроо жараткан.

Кырсык боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш иши козголгон. Кырдаалдын чоо-жайын парламентте депутаттык, өкмөттө мекеме аралык комиссия иликтей баштаган.

Жылуулук электр борборун жаңылоодогу жана кытайлык TBEA компаниясы менен келишим түзүүдөгү айрым кемчиликтерди Эсеп палатасы да көрсөткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG