КТК телеканалы тергөө материалдарына таянып, бажыкана, брокер кызматкерлеринен, чек арачылардан жана катардагы жарандардан турган бул уюшма топ ишкерлердин жүгүн ташып өткөнү үчүн ири өлчөмдө акча алып, өз ара бөлүшүп келген деген маалыматтарды жарыялады.
Кыргызстандын бийлиги буга карата расмий жооп кайтара элек. Талдоочулар тергөөдө аткезчиликти калкалаган "чынжырча" жогорку кызмат адамдарына чейин жетиши мүмкүн экенин белгилешүүдө.
Алматыдагы атайын операция
Казакстандын КТК телеканалы Алматыдагы ресторандардын биринен кыргыз парламентинин депутаты Дамирбек Асылбек уулу баш болгон топту кармоо учурун чагылдырган оперативдүү тасманы жарыялады.
Депутаттын жарандыгы көп маселени козгоду
Депутаттын жарандыгы көп маселени козгоду
Аны менен бирге Чыңгыз Абакиров жана Уланбек Мурадилов деген эки кыргызстандык жана Казакстандын чек ара кызматынын бир офицери кармалган.
Бул операциянын алкагында жалпысынан отуздан ашуун адам кылтакка илингени айтылган. КТК Казакстандын Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан менен болгон чек ара өткөрмөлөрүндөгү аткезчиликтин ири масштабын баяндады.
"Жаркент" чек ара өткөрмөсүнүн кызматкери Мади Камал төмөндөгүдөй көрсөтмө берген:
- Биз "Жаркент" өткөрмөсүнө которулуп келгенде ушундай жол менен акча чогулткандар пайда болду. Башчыбыз буга кийлигишпөө керектигин да эскертти. Бул тууралуу айтып чыгып же ага каршылык көргөзсөк, бизди башка жакка которуп саларын эскерткен. Анткени ал жерге иштөөнү каалагандар көп эле.
Тасмага тартылган жолугушуу
КТК телеканалы тергөөгө күбө жана шектүү катары көрсөтмө берип жаткандар чек ара өткөрмөлөрү аркылуу Кытай товарларын мыйзамсыз ташып өтүүнү уюштуруу жолдору жана бул үчүн берилген паранын өлчөмү тууралуу айтышкан.
Репортажда уюшкан кылмыштуу топ ири өлчөмдөгү мыйзамсыз кирешени ич ара бөлүшүп, анын ири бөлүгү кимдерге ыйгарылып келгени баяндалган. Уюшма топтор бюджетке салык төлөбөй, аткезчилик жүктөрдү ташуу аркылуу миллиондогон киреше таап турганы көрсөтүлдү.
Анда депутат Асылбек уулу менен кошо кармалгандардын бири Уланбек Мурадиловдун жанынан атайын белги коюлган 92 миң АКШ доллары табылганы жарыяланды. Бул акчаны ал аткезчилик жолу менен жүктү ташып өткөрүү үчүн бир ишкерден алганы белгиленген.
КТК жарыялаган оперативдик тасмада казак чек арачысы Эмилбек Көчөрбаев коноктордун келгенине кубанычта экенин айтып, ресторанда алар менен бирге отурганы көрсөтүлгөн. Депутат Дамирбек Асылбек уулу иш олуттуу болгондуктан өзү келгенин айткан:
- Бул жакка жакшы эле жеттик. Мен ал жакта эле турайын дегем, бирок Улан "иш олуттуу, келбесең болбойт" деди. Анан жолго чыгып, ал арада өз кишилеримди да ала келдим.
"Чынжырчанын" учу кайда алып барат?
Күзүндө Казакстан бир айга чукул Кыргызстандын жүктөрүн чек арадан ары өткөрбөй койгон. Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев мунун себебин аткезчиликти ооздуктоого байланыштуу чаралар менен байланыштырган.
Ал Кытай товарлары Кыргызстан аркылуу аткезчилик жол менен кирип, бажы төлөмдөрү алынбай эле Казакстандын аймагына тарап, мунун айынан мамлекеттик бюджет миллиондогон доллар зыян тартып жатканын баса белгилеген.
Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков бул дооматты четке каккан. Ал чектөөлөрдүн себеби башкада экенин айтып, жүйө келтирген.
Мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев казак бийлиги бүгүн дооматын иш жүзүндө далилдөөгө аракеттенип жатканын белгиледи:
- Казакстандын тергөө органдары ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, чогултулган далилдерди чекесинен чыгарып жатат. Акча алынып жатканы, ресторанда отуруп, бири-бири сүйлөшкөндөрү видео тасмага түшүрүлүп, анысын казак телеканалы көргөздү.
Бул далилдер жогорку бийликтин уруксаты болбосо ачыкка чыкмак эмес. Менимче биздин бийликке доомат катары көргөзүлүп жатат. Анан кармалгандардын жанынан атайын белги коюлган 92 миң доллар табылып жатпайбы. Бул алардын бир ишкердин акчасын алып, анын товарын өткөзүп берүүнү уюштурууга аракет жасаган дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан казак тарапта сот үчүн далилдер жетиштүү десек болот. Мындай көлөмдөгү аткезчилик жүктөрү жогорку бийликтин тымызын уруксаты жок ары-бери өтпөйт. Демек бул жерде бир эле мына ошол депутат эмес, андан жогорку деңгээлде турган кызмат адамдары да аралашкан. Кармалган депутат жана биздин эки жаран бул "чынжырчалар" тууралуу тигил жакта жатып, айтып берүүгө аргасыз болушат. Ошол туташкан "чынжырча" менен кетсе, анда кимдин артында ким турганы ачыкка чыгышы мүмкүн. Муну албетте, казак бийлиги жашырып, жаап коё албайт.
Чек аранын ары жагындагы аткезчилик...
КТК телеканалы Коопсуздук комитети топтогон далилдердин негизинде кармалгандардын көпчүлүгү айыбын моюнуна алган көрсөтмөлөрдү бере баштаганын жарыялаган. Бирок башында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети бул кылмыш ишине "өтө жашыруун" деген гриф коюлганын айтып, аткезчиликке жана трансулуттук кылмыштуу топту түзүүгө байланыштуу анын толук жагдайлары тергөө учурунда ачык жарыяланбай турганын билдирген.
Ошол эле кезде кармалган депутаттын казак жарандыгын ырастаган паспорт көчүрмөсү жарыяланды. Аны трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун анабашы катары сыпаттаган маалыматтар чыкты. Бирок бул боюнча Кыргызстандын бийлиги расмий комментарий бере элек.
Кыргызстандын Бажы кызматынын маалымат катчысы Жаманак Мүсүрканов аткезчилик жүк ташуу фактылары боюнча аларга доомат артууга негиз жоктугун билдирди:
- Кытайдан Казакстанга кирген жүк бажы чек арасынан өткөндөн кийин Орусияга кетеби же Кыргызстанга ташылып келеби, ЕАЭБ аймагында бажы көзөмөлү жүргүзүлбөйт. Товар ээн-эркин кирип-чыга берет. Казакстан тарапта "Хоргостогу" бажы кызматкерлери менен биригип алып, ошол схемалар боюнча иштерди жасап жүргөн учурда кармалышты да. Тияктан Казакстанга киргизип, аткезчилик жол менен ал жүктөрдүн документтерин тууралашып, анан Кыргызстанга алып кирип сатып жүргөн деген мааниде айтып жатышат. Бизде андай схемалар жок.
Ошол эле учурда Казакстандын атайын кызматына таянган КТК телеканалынын маалыматында Казакстандын Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан ортосундагы чек ара өткөрмөлөрү аркылуу аткезчилик жол менен жүк ташууга ыңгайлашкан уюшкан кылмыштуу топ көп жыл мурда калыптанып, аракеттенип келгени баса белгиленген.
Уюшкан топ чек ара, бажы кызматтары сыяктуу тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган "өз" адамдары аркылуу аткезчилик схемаларды иштеп келе жатканы аныкталганы көрсөтүлгөн.
Кыргызстандын бажы кызматынын бир жыл мурда кызматтан кеткен төрага орун басары Шамил Бердалиев Кытайдан Кыргызстанга келип, андан ары Казакстанга багытталган аткезчилик схемалары тууралуу айтылган дооматты четке какты:
- Андай нерселер албетте, бизде эч качан болгон эмес. Биз мыйзамдын алкагында гана иш алып барганбыз. Эгерде ошондой иштер беш-алты жыл мурда болсо алардын учугу чыкмак да. Мен бул жагдай боюнча түздөн түз жооп бере албайм. Аны азыркы жетекчилерден сураш керек. Анткени бир жылдан бери көп нерсе өзгөрдү. Мен азыр кандай жагдайда иш жүрүп жатканын билбейм.
Калыптанган аткезчилик каналдары
Анткен менен Кытай товарлары Кыргызстанга киргизилип, андан ички базардын керектөөсүнө жумшалган жана үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлүп турган аткезчилик схемалардын эбактан бери иштеп келе жатканын айрым мурдагы кызмат адамдары ачык айткан жайы бар.
Бирок бул маселеге былтыр күзүндө шайлоого байланыштуу кыргыз-казак мамилеси начарлап, чек арадан өткөрүүгө чектөөлөр киргизилгенге чейин анчейин көңүл бурулбай келген.
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы жана УКМКнын мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов учурунда мына ошондой фактылар боюнча чуулгандуу маалыматтар болгонун билдирди:
- 2010-жылы эле ошол кездеги президент Роза Отунбаевага Акаев менен Бакиевдин убагында калыптанып калган аткезчилик каналдары дагы деле иштеп жатканын, аны талкалоого аракет жоктугун жана каналдын кожоюндары гана алмашканы туурасында маалыматтар келип түшкөнүн билдиргем. Биз бул боюнча тиешелүү иликтөө иштерин жүргүзүп, бирок аягына чыгара албай калдык. Мына ошол туруктуу аткезчилик каналдарын укук коргоо органдары, өкмөт, президент, бардыгы эле билишкен. Бирок аны жок кылууга ниет кылышкан эмес. Биз ошол маселени көтөрүп чыккандан кийин дагы ага анчейин көңүл бурулбай калган. Ошол учурда эле чара көрүп, башында турган күркүлдөрүн тазалаш керек болчу. Коңшу мамлекеттин өкмөт башчысы айткандан кийин гана текшерип калбай...
"Азаттыктын" архиви: Бажыдагы миллиондор. 9-февраль, 2017-жыл
"Аюга" аралаштырылган амалдар
Буга чейин бул депутаттын "Аю" холдингинин кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов, өзбекстандык таасирдүү ишкер Салимбай Абдувалиев менен бирге түшкөн сүрөтү интернетке чыккан.
Андан кийин жергиликтүү маалымат агенттиктери Шаршенбек Абдыкеримов менен Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалган депутат Асылбек уулунун биргелешкен легалдуу бизнеси тууралуу маалыматтарды таап чыгышты.
Ага ылайык, депутат Асылбек уулунун жубайы Айсулуу Эрмек Шаршенбек Абдыкеримов менен бирге уюштурулган фирмалардын негиздөөчүлөрүнүн бири катары көрсөтүлгөн. Муну айрым маалымат агенттиктери юстиция министрлигинин маалыматына таянып жазып чыгышты. Бирок "Аю" холдингинин вице-президенти Балбак Түлөбаев жагдайга карата төмөндөгүдөй комментарий берди:
- Башында бул маселеге кийлигишпей эле коёлу дегенбиз. Бирок соңку мезгилде Дамирбек Асылбек уулунун ишин көбү бизге байланыштырып жазып жаткандыктан жооп бергенге туура келет. Бул жерде Дамирбек Асылбек уулун "Аю" холдингге байланыштырган маалыматтар чыгып жатат. Бирок анын холдингдин курамындагы компанияларга эч кандай тиешеси жок. Байланышы болгон күндө дагы, эмне болуптур? Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында ар бир кыргыз жараны мыйзамдуу ишкердик менен алектенгенге укуктуу. Албетте мамлекеттик-саясий кызматта иштегендерге кандайдыр бир чектөөлөр бар. Мына ошондуктан биз "Аю" холдинги мыйзамдуу иштер менен гана алектенип келебиз.
Экинчи жарандыктын жагдайы
КТК телеканалынын маалыматына караганда депутат Асылбек уулунун гана эмес анын жубайы Айсулуу Эрмектин дагы казак жарандыгы бар экени аныкталган.
Интернетке жарыяланган паспорт көчүрмөсү боюнча Дамирбек Асылбек уулу Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунун тургуну болуп катталган. Улуту "казак" деп көрсөтүлгөн.
Бирок депутаттын атасы бул окуядан кийин уулу Каракол шаарында туулганын жана анын улуту кыргыз экенин айтып чыккан.
Анын казак жарандыгы бар экени 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун астында эмнеге текшерилбегени суроо жаратууда.
Депутат мүчө болгон "Кыргызстан" фракциясынын башчысы Алмазбек Баатырбеков бул тууралуу мындай деди:
- Биз эми шайлоо астында 2015-жылы партияны түзүп баштаганбыз. Дамирбек Асылбек уулун партияга алганыбызга албетте, саясатка аралашууга болгон анын жеке каалоосу жана жакын тааныштардын сунуштары негиз болду. Анан ал партиянын тизмесине кирип, документтерин даярдап бергенде кыргыз паспортун эле берген. Анын экинчи жарандыгы бар экени тууралуу биз эч нерсе билген эмеспиз. Дамирбек Асылбек уулу кезинде спортчу катары легионер болуп кайсы бир тараптын атынан чыгууга чакыртылган учурда ага паспорт жасалса керек. Ошол боюнча ал жагдай унутта калган чыгаар. Спортто он жылдан бери жүрсө, бул аралыкта эмнелер гана болбойт. Баарын эстеп калуу кыйын.
28-февраль күнү Жогорку Кеңеште Казакстанда кармалган депутаттын жагдайларын угуу үчүн УКМК төрагасын, башкы прокурорду жана ички иштер министрин чакырып, маалымат алуу сунушу киргизилди.
Мамлекеттин беделине сокку урулуп жатканын айткан айрым депутаттар тиешелүү мамлекеттик органдар кызматтык териштирүү жүргүзүп, депутатка коюлган оор айыптоонун төркүнү жана анын казак жарандыгы боюнча маалыматтарды талап кылышты.
"Ыңгайсыз суроолор": Депутаттын камалышы бийликке көлөкөбү? 21-февраль, 2018-жыл
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.