Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

Лавров: Орусия Асадга “террор коркунучун” жеңүүдө жардам берүүнү улантат


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде сүйлөп жаткан учур. 28-февраль, 2018-жыл.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде сүйлөп жаткан учур. 28-февраль, 2018-жыл.

Орусиянын тышкы иштер министри бул тууралуу бүгүн Женевада, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде сүйлөп жатып билдирди.

Сергей Лавровдун айтымында, Москва Сириянын президенти Башар Асаддын өкмөтүнө “террор коркунучун” жеңүүдө жардам берүүнү улантат.

Сирия менен Орусиянын өкмөттөрү Асаддын оппоненттерин адатта “террорчулар” деп баалашат.

Орус министринин бул сөздөрү акыркы он күндөн бери Сирия өкмөтүнүн чабуулунан борбор шаар Дамасктын чет-жакасында жүздөгөн жайкын тургундар кырылган учурда айтылды.

Козголоңчулардын колундагы Чыгыш Гута районунун бомбаланышы - Сириядагы жети жылдык согуштун эң кандуу окуяларынын бири.

БУУнун Коопсуздук кеңеши өткөн аптанын соңунда резолюция кабыл алып, анда Сирияда отуз күнгө атышууну токтотууну талап кылган. Батыш өлкөлөрү Орусияны резолюцияда айтылгандай
Асаддын өкмөтүнө таасир көргөзүүгө чакырып жатышат.

Орусия күнүнө беш сааттык “гуманитардык” тыным жарыялаганына карабай, Чыгыш Гутада кыянатчылыктар уланууда.

"Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы" аттуу уюмдун маалыматына караганда, өкмөттүк күчтөр жана аларга өнөктөш кошуундар Чыгыш Гутага өткөн түнү да чабуул койду. Аймак ракетадан жана артиллериядан аткыланды.

Улуттар Уюму согуш аракеттери токтобой жаткандыктан куткаруу операцияларын жүргүзүү мүмкүн болбой жатканын билдирүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG