Чекисттерден кутулган өзбек мечиттери
Европа Биримдиги Украинага чек ара бекеттерин жаңылоого берген тогуз миллион евросун кайра кайтарууну талап кылып жатат. Өзбекстанда Улуттук коопсуздук кызматынын Муфтияттагы кураторунун кызматы жоюлду. Тажикстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндердин саны кескин азайды деп бийлик өкүлдөрү айтып чыгышты, бирок укук коргоочулар буга макул эмес. Казакстанда латын алфавитинин жаңы варианты бекиди. Якутиянын тасмалары эл аралык фестивалдарга чыгууда.