Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Кыргыз-өзбек “Достук” чек ара бекетинде тыгын пайда болду


“Достук” чек ара бекети, 24-февраль, 2018-жыл
“Достук” чек ара бекети, 24-февраль, 2018-жыл

Ош облусундагы “Достук” өткөрмө бекетинде адамдардын тыгыны пайда болду. Бул тууралуу ошол жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады.

Учурда кыргыз тарапта Өзбекстанга өтө албай 500дөй адам турат. Жергиликтүү кыргыз чек арачылары күнүнө жети миңден он миңге чейин адам өтүп, кызматкерлер текшерип жетишпей жатканын айтууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматы бул тууралуу расмий маалымат даярдалып жатканын кабарлады.

2017-жылдын сентябрь айында кыргыз-өзбек “Достук” чек ара бекетинде эки тарапка өтүү жол-жобосу жеңилдеген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 2005-жылы март жана Анжиян окуяларынан кийин жабылып, ары-бери өтүү кыйындаган. 2010-жылкы июнь коогасынан кийин чек арадан өтүү үчүн телеграмма, чакыруу сыяктуу кошумча документтер талап кылына баштаган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 15 чек ара бекети бар. Анын 11и автоунаа, төртөө темир жол чек ара бекети. Булардын ичинен үчөө аркылуу гана өтүүгө уруксат берилип келген. Алардын ичинен Баткендеги Кадамжай чек ара бекети аркылуу Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох, Шаймерден анклавдарына транзиттик жол менен товар ташылат. (TSh/MdN)

XS
SM
MD
LG