Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

Прокуратура Салянованы 8 жылга кесүүнү суранды


Аида Салянова. Архивдик сүрөт.
Аида Салянова. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын апелляциялык арызын кароо уланууда. Бүгүнкү жараянда тараптардын жарыш сөзү уланды.

Мамлекеттик айыптоо ишти караган соттук коллегиядан Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, Аида Салянованы үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 8 жылга кесүүнү суранды. Ошондой эле прокуратура ал жазаны дароо өтөшү керек экенин белгиледи.

Буга чейин Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова депутатка карата Бишкектин Ленин райондук соту мыйзам бузуу менен чечим чыгарганын билдирип, аны актоону өтүнгөн.

Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Аида Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Буга макул болбогон депутат доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган.

Депутат 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG