Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Кыргызстанга "жүк-200" жеткирүү үчүн 16 документ талап кылынат


Мигранттарга арналган көргөзмөдө тартылган сүрөт. 29-сентябрь, 2018-жыл.
Мигранттарга арналган көргөзмөдө тартылган сүрөт. 29-сентябрь, 2018-жыл.

Чет өлкөдө жүрүп каза тапкан эмгек мигранттарынын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүдө көп тоскоолдук бар экени парламенттеги КСДП фракциясынын 2-февралдагы жыйынында айтылды.

Миграция кызматынын жетекчиси Медербек Айдаралиевдин маалыматына караганда, азыркы мыйзамга ылайык, сөөктү жеткирүүгө 20-30 миң сом бөлүнөт жана ал үчүн 16 документ талап кылынат:

- Биз бул маселени иликтеп чыгып, эки документти кыскартып, 50 миӊ сом каражат берүү демилгесин көтөргөнбүз. Бардык министрликтер менен мекемелер буга макул болушту. Эми өкмөт чечим кабыл алат деп турабыз.

КСДП фракциясы калкты иш менен камсыз кылуу, ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу маселесин талкуулады.

Расмий маалыматтар боюнча, былтыр Орусияда ар кандай себептерден улам 200дөн ашык мигрант каза тапкан. Каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү Орусиядагы кыргызстандыктардын башкы көйгөйлөрүнүн бири. Учак менен жөнөтүүгө орто эсеп менен 35-50 миң рубл, ал эми ритуалдык кызматка 20 миң рубл керектелет.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдиргендей, 2017-жылы Орусиянын Борбордук федералдык аймагынан 197 кыргызстандык мигранттын сөөгү келсе, алардын 60тан ашууну жол кырсыктарында каза болгон. Буга байланыштуу ​орус жергесиндеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жол кырсыктарынын курмандыктарын, жаракат алгандардын санын азайтыш үчүн бийликти авиа жана темир жол билеттерин арзандатууга чакырууда. Сөөк жеткирүү көйгөйү бир эле Орусия эмес, башка мамлекеттерде иштеген мигранттарга да тиешелүү.

XS
SM
MD
LG