Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

АКШ Орусияга карата санкциясын күчөттү


Иллюстрация
Иллюстрация

Америка Кошмо Штаттары Крым аннексиясы жана Украинанын чыгышындагы кырдаалга кийлигишкени үчүн Кремлге каршы санкцияларын дагы күчөттү.

Бул жолу “кара тизмеге” 21 киши жана тогуз компания киргизилген. Алардын арасында Орусиянын энергетика министринин орун басары Андрей Черезов, аталган министрликтин департаментинин директору Евгений Грабчак жана "Технопромэкспорт" компаниясынын башчысы Сергей Топор-Гилка бар. Мындан сырткары санцияга “Сургутнефтегаз” жана “Силовые машины” компаниялары илинген.

Орусиянын аскерлери 2014-жылы Крымга басып кирип, алардын басымы алдында жарым аралда референдум өткөн. Дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсү Крымды Орусия аймагына кошуу боюнча референдумду тааныган эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG