Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Сапар Исаков: Бизде бийликтин демократиялык алмашуусуна бардык шарт түзүлгөн


Сапар Исаков Давос форумунда.
Сапар Исаков Давос форумунда.

Кыргызстанда бийликтин демократиялык жол менен алмашып турушу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумда билдирди.

Премьер-министр өлкөдөгү демократиялык институттарды өнүктүрүү багытында туруктуу аракеттер көрүлүп, ачык-айкын саясат жүргүзүлүп жатканын, жарандар биометрикалык каттоого алынып, мамлекеттик бийликти демократиялык жол менен алмаштырыш үчүн зарыл шарттар түзүлгөнүн айтты.

Мындан тышкары, Сапар Исаков өкмөттүн ишин санарип форматка өткөрүү багытында жасалып жаткан иштер тууралуу да маалымат берди.

Өкмөт башчы жетектеген расмий делегация Давоско 22-январда барган.

Форум учурунда Сапар Исаков Нидерланддын «Physee» айнек өндүрүү ишканасынын жетекчиси Фердинанд Грапперхаус, Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун президенти Питер Мауэр, Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили, Армениянын өкмөт башчысы Карен Карапетян менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, алар менен кызматташтык маселелерин талкуулады.

Давос курортунда быйыл 48-ирет өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумдун уюштуруучуларынын айтымында, төрт күндүк жыйын маалында күнүнө 100дөй жолугушуу, талкуулар өтүп жатат. Ага алтымыштан ашык мамлекет жана өкмөт башчылары, жүздөгөн алдыңкы компаниялардын жетекчилери, илимпоздор, жарандык коом өкүлдөрү, дүйнө экономикасын башкарган элита катышууда.

Быйылкы форумдун темасы - “Бөлүнүп-жарылган дүйнөдө орток келечек түзүү”. Жолугушууларда лидерлер кызматташуунун, туруктуу өнүгүүнүн жолун табыш үчүн өз ойлору, идеялары менен бөлүшүүдө.

Кыргыз делегациясы Давостон Бишкекке 25-январда кайтат. (RK)

XS
SM
MD
LG