Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

Жаңы конуштарда абанын зыяндуулугу нормадан 3,4 эсе көп


Түтүнгө чулганган Бишкек шаары.
Түтүнгө чулганган Бишкек шаары.

Бишкектин четиндеги Ак-Өргөө, Ак-Ордо конуштарында абадагы зыяндуу заттар нормадан 3,4 эсе көп. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги билдирди. Агенттиктин кызматкерлери бул конуштардын абасын изилдегенде азоттун диоксиди 1,4төн 3,4 эсеге чейин көп экени аныкталган.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Бишкектин четиндеги 47 конуштун баарынын абасын изилдемекчи. Анын маалыматы боюнча баш калаанын абасынын булганышына жаңы конуштардан жана автоунаалардан чыккан түтүн негизги себеп болууда.

Экологдор болсо абанын булганышын өлчөгөн жабдыктар жетишсиз болгондуктан зыяндуу заттардын пайыздык үлүшүн так аныктоо мүмкүн эмес экенин айтып келишет. (UEz)

XS
SM
MD
LG