Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:39

Жер мыйзамына байланыштуу митингге чыккандар эртең чогула турган болду


Бүгүн митингге чыккандар.
Бүгүн митингге чыккандар.

“Жерлерди трансформация кылуу жөнүндө” мыйзам долбооруна байланыштуу нааразылык акциясына чыккандар эртең, 20-январда кайра Өкмөт Үйүнүн алдында митингге чыгышат. Бул тууралуу митингди уюштуруучулардын бири, "Трансформация кыймылы" уюмунун координатору Бекназар Айталиев “Азаттыкка” билдирди.

Алар айыл багытындагы жерлерге курулган жаңы конуштарды кайра өкмөткө алуу боюнча пунктту сөз болуп жаткан мыйзамдан алып салууну талап кылышты:

- Биз менен өкмөттүн өкүлү чыгып жолугушту. Алар мыйзамда Сокулук менен Аламүдүн районун калтырып, калган аймактардагы участокторду транформация кылуу жөнүндө сөз болгондугун айтышты. Андай болбошу керек, мыйзам жалпы өлкө үчүн бирдей иштеши керек да. Мыйзамдын негизинде Кыргызстанда 2009-жылга чейин берилген тилкелердин баары трансформация болушу керек. Жаңы конуштардын миңдеген жашоочуларына жер актылары беришин талап кылабыз. Өкмөт дүйшөмбүгө чейин мыйзамды чукул арада карайт экен, ошондуктан биз эртең дагы чогулабыз, - деди Айталиев.

Элүүдөй киши негизинен Сокулук, Аламүдүн районуна караштуу, Бишкек шаарынын чет-жакасындагы жаңы конуштардан чогулган.

Жердин трансформациясы боюнча мыйзам долбоору былтыр парламентте үч окууда тең жактырылган. Кийин жай айларында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мыйзамга кол коюудан баш тартып, артка кайтарган. Анда мамлекет башчы мыйзамга төрт каршы пикир бар экенин айткан.

32 райондогу 217 айыл аймагында 1983-2009-жылдары жалпысынан 13 миң гектар жерде 38 миң үй курулган. Ал эми жалпы берилген тилкелердин саны 42 миңге жакын экени айтылып жүрөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG