Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:23

Аламүдүндө 378 жер тилкесин мыйзамсыз бергендерге кылмыш иши козголду


Аламүдүн районунан бир көрүнүш. Иллюстрациялык сүрөт.
Аламүдүн районунан бир көрүнүш. Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасы Пригородный айыл өкмөтүндө 378 жер тилкесин мыйзамсыз берип жиберген мамлекеттик кызматкерлерге каршы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмү кабарлады.

Тергөө учурунда белгилүү болгондой, бул айыл өкмөттүн кызматкерлери Аламүдүн райондук жерге жайгаштыруу, мүлктү каттоо башкармалыгынын жана райондук архитектура башкармалыгынын өкүлдөрү менен чогуу Үмүт конушунун башкы планын атайылап өзгөртүп, 291 жер тилкесин жарандарга мыйзамсыз берип жиберген. Курулушка уруксат берилбеген конушка учурда 16 үй салынып калган.

Ушул эле кызматкерлер Пригородный айыл өкмөтүнүн башка бир конушу Салкын массивинде да 87 жер участогун мыйзамсыз таратып салышкан.

Сөз болуп жаткан жер тилкелери санитардык-коргоо аймагына кирет жана Бишкек шаарынын саркынды сактоочу жайына жакын жайгашкан. Ал жерде жашоо зыяндуу.

Эки факт боюнча кылмыш иши Кылмыш кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") жана 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча козголуп, УКМКнын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG