Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:44

Түндүк Корея Түштүк Корея менен бетме-бет сүйлөшүүгө макул


Түндүк жана Түштүк Кореянын расмий делегацияларынын жолугушуусу. 22-август, 2015-жыл.
Түндүк жана Түштүк Кореянын расмий делегацияларынын жолугушуусу. 22-август, 2015-жыл.

Түндүк Кореянын бийлиги Түштүк Кореянын 9-январда бетме-бет сүйлөшүү өткөрүү тууралуу сунушун кабыл алды. Бул эки өлкөнүн ортосунда 2015-жылдан берки биринчи жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү болмокчу. Жолугушуу эки өлкөнүн чек арасындагы Пханмунжом бекетинде өтөт.

Сеул бул сүйлөшүүдө Түндүк Кореянын курама командасынын Пхёнчханда өтчү кышкы Олимпиада оюндарына катышуусу жана Корей жарым аралындагы кырдаал талкууланарын билдирет.

Соңку эки күндө Сеул менен Пхеньян Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын тапшырмасы менен калыбына келтирилген телефон линиясы аркылуу бир нече жолу байланышты. Жаңы жылдык куттуктоосундо Ким Чен Ын Пхеньян Сеул менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирип, түндүк кореялык спортчуларды Олимпиадага жиберүүгө камынып жатканын айткан.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Пхеньяндын мындай сунушун колдогон.

Кореялыктардын өз ара диалогуна АКШнын президенти Доналд Трамп дагы колдоосун билдирди. Пентагон болсо жыл башына Түштүк Кореяда өткөрүүгө пландалган аскердик машыгуулар башка маалга жылганын жарыялады.

Буга чейин Пхеньян аскердик машыгууларды айыптап, аларды Түндүк Кореяга кол салуунун камылгасы катары сыпаттаган.

XS
SM
MD
LG