Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Орусиянын Сириядагы авиабазасы миномёттон аткыланды


Орусиянын Su-35 аскердик учагы "Хмеймим" аба базасында.
Орусиянын Su-35 аскердик учагы "Хмеймим" аба базасында.

Орусиянын Сириядагы "Хмеймим" авиабазасы минометтон аткыланып, бери дегенде жети аскердик учак зыянга учурады.

31-декабрда болгон бул окуядан онго жакын жоокер жарадар болгонун Орусиянын "Коммерсантъ" басылмасы дипломатиялык жана аскердик маалымат булактарына таянып билдирди. Орусиянын Коргоо министрлиги бул кабарды расмий бышыктай элек.

Орусиянын расмий кишилери жана айрым маалымат булактары 27-декабрда аткылоо болгонун, бирок адамдар жана техникалар жабыркабаганын билдиришкен эле.

12-декабрда орус президенти Путин "Хмеймим" базасына күтүүсүз барып, Сирияда "Ислам мамлекети" радикал тобу талкаланганына байланыштуу орус күчтөрүнүн орчундуу бөлүгүн өлкөдөн чыгарып кетүү ишин баштоону тапшырган.

XS
SM
MD
LG