Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Чакан насыя алгандар бир жылда 21% көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда чакан насыя алган жарандар көбөйүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, былтыр насыя алуучулар мурдагы жылга салыштырганда 38 миң адамга көп болду. Бул дээрлик 21% көп.

Жалпысынан 2017-жылдын тогуз айында Кыргызстандагы чакан насыя компаниялары 12 млрд. 151 млн. сом бөлүп беришкен. Насыя алуучулардын саны 214 миң адамга жетти.

Жарандар насыяны негизинен керектөө муктаждыктарына, айыл чарбасына, соода-сатык жана коомдук тамактануу тармактарына алууда.

Насыяны эң көп алгандар Ош облусунда, эң азы Ысык-Көл облусунда.

Ал эми алган акчасын убагында төлөй албай жүргөндөрдүн карызы ушу тапта дээрлик 12 млрд. сомго барабар.

XS
SM
MD
LG