Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

ЖК депутаты Жыргалбек Калмаматовдун сөөгү Алайга коюлат


Жыргалбек Калмаматов.
Жыргалбек Калмаматов.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Жыргалбек Калмаматовду акыркы сапарга узатуу эртең Алайда өтөт. Фракция лидери Алмазбек Баатырбековдун “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, депутат каза болгону тууралуу кабар бүгүн эртең менен тарады:

- Таңга маал болгон окшойт. Мурда-кийин коллега катары ден соолугуна арызданганын уккан эмес элек. Инфаркт деп жатышат.

Маркумдун сөөгүн Бишкектен Алайдын Гүлчө айылына алып кетишти.

Жыргалбек Калмаматов 1972-жылдын 22-декабрында Гүлчөдө туулган. Эмгек жолун 1993-2002-жылдары бизнес чөйрөсүндө жеке ишкерликтен баштаган. 2002-2004-жылдары «Темир» мамлекеттик ишканасынын директору, 2004-2015-жылдары «Коңурат» ассоциациясынын, "Агромет» ишканасынын башкы директору болгон. 2015-жылы “Кыргызстан” саясый партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Артында тогуз баласы калды.

XS
SM
MD
LG