Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Түркияда кыргыз студенттин тасмасы биринчи орунду ээледи


Түркиянын Кайсери шаарында студенттер арасында эл аралык ыр жана аңгеме жазуу, кыска метраждуу фильм тартуу боюнча сынак өткөрүлдү. Анда Эржийес университетинин магистранты, кыргызстандык Манасбек Максутов биринчи орунду алды.

Ал тарткан кыска метраждуу фильмде Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер чагылдырылган. Жеңүүчүгө компьютер жана Кыргызстанга барып келгенге авиабилет тапшырышты.

Сынакта Түркияга келип, билим алып жаткан чет элдик ондогон студенттер да байгелүү орундарга жетишти.

Сыйлык тапшыруу аземине дүйнөлүк этно спорт конфедерациясынын башчысы Нежметтин Билал Эрдоган, Түркиянын саламаттык сактоо министри Ахмет Демиржан жана депутаттар катышты.

Түркияда жалпы 183 университет бар, 113ү мамлекеттик, калганы менчик жогорку окуу жайлар. Анда 115 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алат. Алардын 2 миңге жакыны кыргызстандыктар. (ElB)

XS
SM
MD
LG