Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Макрон: Сириядагы ИМге каршы уруш февралда аякташы керек


Эммануэл Макрон.
Эммануэл Макрон.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон "Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремист уюмуна каршы өнөктүк февралда жыйынтыкталышы керек" деп билдирди. "9-декабрда Ирактын премьер-минстри Ал-Абади Даештин (ИМ) үстүнөн болгон жеңиш тууралуу жарыялаган. Менимче, февралдын орто же аяк ченинде Сириядагы урушта жеңишке жетишибиз керек", - деди Макрон "France 2" телеканалына берген кеңири интервьюда.

Президент Париж бардык тараптар катышкан тынчтык сүйлөшүүлөрүн сүрөөнгө алаарын кошумчалады. Ал ошондой эле "президент Башар Асад диалогго катышууга тийиш, бирок өз иштери үчүн бир күнү жооп бериши керек" деп айтты.

Алты жылдан бери уланып келаткан жарандык согуш Сирияда 400 миңдей кишинин өмүрүн алып кетти, миллиондогон киши качкынга айланды.

XS
SM
MD
LG