Туздагы мектеп имаратынын зыяндуулугу текшерилет
Кочкор районунун Туз айылындагы окуучулар мектептин имаратында баштары ооруп, айрым убактарда эстерин жоготуп, жыгылып калышкандарын айтышууда. Ал эми мектептин жетекчилиги имаратта кооптонунун себеби жоктугун айтса, жергиликтүү бийлик атайын текшерүү жүргүзүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылган.