Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанда эки күндүк расмий иш сапары башталды. Бүгүн түштөн кийин Ташкентке барган Жээнбековду аэропорттон Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов салтанаттуу тосуп алды.