Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

"Bellingcat": MH17 учагынын кулашына орусиялык генералдын тиешеси бар


Нидерландда быйыл учактын курмандыктарына арналган эстелик ачылган.
Нидерландда быйыл учактын курмандыктарына арналган эстелик ачылган.

"Bellingcat" эл аралык иликтөө тобу жана орусиялык "The Insider" сайты 2014-жылы Украинанын Донецк аймагына кулап түшкөн малайзиялык учакка байланыштуу чогуу жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгын 8-декабрда жарыялашты. Анда бул кырсыкка катыштыгы бар делген орусиялык генерал тууралуу маалыматтар ачыкка чыгаралган.

Учак кулагандан көп өтпөй Украинанын коопсуздук кызматы өлкө чыгышындагы орусиячыл козголоңчулардын телефондук сүйлөшүүлөрүнүн аудиосун жарыялаган. Анда "Дельфин" деген каймана аты бар орусиялык аскер кызматкеринин да үндөрү жазылган эле.

"Bellingcat" иликтөө тобунун ишенимдүү, ачык булактарга таянып жазылган баяндамасында дал ошол аудио тасмадагы "Дельфин" деген каймана ат сүйлөшкөн адам орус армиясынын запастагы генерал-полковниги, Коргоо министрлигинин Борбордук аскер бөлүгүн башкы инспектору Николай Ткачёв болушу мүмкүндүгү айтылат.

Иликтөөчүлөр мындай жыйынттыкка тасмага жазылган үндөр менен Ткачёвдун үнүн салыштырган соң келишкен. Иликтөө эки институтта - АКШнын Денвер шаарында жана Литвада өткөрүлгөн.

Ткачев чечен согуштарына катышып, "Эрдик" орденине татыган. Иликтөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышуулар башталганы Ткачёв Луганск облусуна барып, козголоңчулар менен орусиялык аскерлердин кызматташтыгын координациялап турган.

2014-жылдын 17-июлунда MH17 каттамындагы малайзиялык учак Украинанын чыгышында атып түшүрүлүп, андан борттогу 298 адамдын баары каза тапкан. Амстердамдан Куала-Лумпурга жөнөгөн учактагы жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү Нидерланддын жарандары болчу.

2015-жылы Нидерланддын иликтөөчүлөрү учак Орусияда жасалган "Бук" ракетасы менен атып түшүрүлгөну тууралуу тыянакка келишкен. Орус тарап бул окуяга байланышы жок экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG