Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Бишкекте ТүркПАнын жыйыны өтүүдө


Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын жетинчи жыйыны өтүп жатат. Ага катышуу үчүн уюмга мүчө болгон Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын жана Кыргызстандын парламент өкүлдөрү келди. Бул жыйынга Өзбекстан менен Венгриянын парламент өкүлдөрү биринчи жолу катышып жатышат.

Жыйындын күн тартибинде Кыргызстандан көрсөтүлгөн ТүркПАнын баш катчылыгына талапкерди жактыруу, Азербайжан, Казакстан жана Түркия сунуш кылган баш катчы орун басарларын бекитүү маселелери бар. Ошондой эле уюм катчылыгынын 2018-жылга жана 2019-жылдын биринчи жарым жылына карата бюджети каралып, кабыл алынмакчы.

Жетинчи жыйындын жыйынтыктоочу документи катары Бишкек декларациясын кабыл алуу күтүлүүдө. Учурда ТүркПАга Казакстандын парламентарийлери төрагалык кылууда.

Эми андан төрагалык кылуу Кыргызстанга өтүп, уюмдун сегизинчи жыйынын кайда жана качан өткөрүү маселеси ушул жыйында чечилмек болду. (BkA)

XS
SM
MD
LG