Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:27

Ошто бала бакчаларда жана мектептерде бир жума бою “Манас” айтылат


Жумалыктын башталышындагы "Манас" айтуу учуру.
Жумалыктын башталышындагы "Манас" айтуу учуру.

4-декабрь “Манас” күнүнө карата Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде “Манас жумалыгы” башталды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы билдирди.

Жумалыктын алкагында бала бакчаларда тарбияланып жаткан балдар арасында “Манасым – менин мурасым” аттуу ураанда "Манас" айтуу, “Манас – балдардын көзү менен” аттуу сүрөт тартуу жарышы жана анын көргөзмөсү өтөт.

Ал эми мектептерде алп манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгы жыйынтыкталып, дагы бир залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгын утурлай көргөзмөлөр, талкуулар уюштурулат. Окуучулар да 1-класстан 11-класска чейин бир жума бою “Манас айтуу” боюнча күч сынашып, аткаруучулук өнөр жана кыргыз эл эпосу боюнча интеллектуалдык таймаштарды өткөрүшөт. Алар ошондой эле “Манасты” жайылтуу боюнча долбоорлорду жакташат.

2015-жылдын 27-апрелинде өкмөттүн токтому менен 4-декабрды “Манас” эпосунун күнү деп белгиленген.

Ош шаарында 54 мамлекеттик мектеп бар. Анда 62 миңден ашык окуучу билим алат. (ErN)

XS
SM
MD
LG