Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:26

Кыргызстанда расмий эсепте 7804 киши ВИЧ илдетин алып жүрөт


Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны ноябрь айында 7804 кишиге жетти. Бейтаптардын теңинен көбү эркектер.

Дартка чалдыккан балдардын саны 659. Анын 382сине 2006-2007-жылдары ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгы менен вирус жуккан.

Адистер анализ тапшырбай жүргөндөр да бар экенин, андыктан бул дартты алып жүргөндөр расмий эсептен көп болушу мүмкүндүгүн айтып келишет.

Кыргызстанда ВИЧке чалдыккан алгачкы адам 1997-жылы катталган. Андан бери 1695 адам ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты.

Быйыл ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандар 2016-жылга салыштырмалуу 15,1% көбөйгөнүн Улуттук статистика комитети билдирген.

Илдет негизинен кан аркылуу жыныстык катнаш учурунда, ийне менен маңзат сайынганда, оорулуу энеден балага жугат. Андан тышкары, бейтапканаларда, чачтарачта да жугуп калуу коркунучу бар. Оорулуу адам менен бир идиш-аякты колдонуу, чогуу жүрүү коркунучтуу эмес.

Вирустун акыркы стадиясы - СПИД.

1-декабрь эл аралык СПИДге каршы күрөшүү күнү. (SE)

XS
SM
MD
LG