Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

Караколдо ири өлчөмдөгү маңзат кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Каракол шаарынын 31 жаштагы тургунунун үйүнөн эки килограмм маңзат табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, «Притон» операциясынын жүрүшүндө ыкчам түшкөн билдирүүнүн негизинде ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын өкүлдөрү кылмышка шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн. Химиялык экспертиза ал үйдөн табылган маңзат марихуана экенин көрсөттү.

Факты боюнча Каракол шаардык милициясынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмүнүн ("Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү") негизинде иш козгоду. Кармалган адам шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат. (AsM)

XS
SM
MD
LG