Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

"Жаңы оппозициянын" активисти Орусиядан чыгып кетти


Орус-беларус чек арасындагы өткөрмө пункт
Орус-беларус чек арасындагы өткөрмө пункт

Орусиядагы «Жаңы оппозиция» саясий коалициясынын активисттеринин бири Ольга Романова «Арт-даярдык» кыймылы боюнча сурак бергенден кийин мекенинен чыгып кетти. Бул тууралуу француз активисти Пьер Афнер билдирип, Романова айым Киевде экенин кабарлады.

«Арт-даярдык» кыймылына Орусияда тыюу салынган. Анын лидери, улутчул Вячеслав Мальцев ушул жайда Орусиядан чыгып кеткен. Четте туруп алып, 5-ноябрда Орусияда ыңкылап болоору тууралуу имиш тараткан.

Анын билдирүүсүнөн кийин улутчул активисттин санаалаштары деп саналган ондогон адамдар кармалган. Алардын айрымдары терроризмге шектелип камакка алынган.

Анын алкагында күбө катары Ольга Романова дагы сурак берип, ага чейин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК, орусча ФСБ) кызматкерлери анын батиринде тинтүү жүргүзүшкөн. Романовага дагы айып тагылышы мүмкүн экенин эскертишкенин «ОВД-Инфо» сайты жазды.

XS
SM
MD
LG