Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Гаага трибуналынын босниялык серб колбашчысына чыккан өкүмү ар кандай бааланууда


Ратко Младич сот залында кыйкырып жаткан учур. 22-ноябрь, 2017-жыл.
Ратко Младич сот залында кыйкырып жаткан учур. 22-ноябрь, 2017-жыл.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зеид Раад ал-Хуссеин Гаага трибуналынын Ратко Младичке чыгарган өкүмүн “адилеттиктин жеңиши” деп атады.

Босниянын премьер-министри Денис Звиздич өз билдирүүсүндө сот өкүмү тууралуу “канча узак жашырынбасын, согуш кылмышкерлери адилеттиктен кача албай турганы ырасталды” деп баа берди.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг өкүм “мыйзам үстөмдүгү иштеп жатканын көргөздү”, - деп белгиледи.

Сербиянын президенти, кезинде Ратко Младичтин согуш өнөктүгүн колдогон, ашынган улутчул саясатчы Александ Вучич Гаага трибуналынын өкүмү алар үчүн таң калыштуу эмес экенине токтолуп, бирок Сербиянын жарандарын эми “келечекти кароого” чакырды.

Евробиримдик сот өкүмүн комментарийлебей турганын, бирок аны урматтай турганын билдирди.

Босния сербдеринин мурдагы аскер башчысы Ратко Младич бүгүн өмүр бою түрмөгө кесилди.

Ал тукум курут (геноцид) жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн айыптуу деп табылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун мурдагы Югославия боюнча трибуналы беш жылдык соттук териштирүүдөн кийин Босниядагы сербдердин 1992-95-жылдардагы согуш учурундагы колбашчысы Ратко Младич боюнча өз өкүмүн чыгарды.

Душмандары “Босниянын касапчысы” деп ылакап атка кондурган Младич тукум курут, адамзатка каршы кылмыш жана согуш кылмыштары үчүн 11 пункт боюнча айыпталган эле.

Андай айыптардын эң башкысы 1995-жылдын июль айында Босниядагы Сребреница деген жерде 8000дей мусулман эркектер менен балдардын өлтүрүлүшү менен байланыштуу.

Бул окуя Европада германдык нацисттердин жөөттөргө каршы кыргыны ("Холокост") алааматынан берки эң чоң кыргын катары бааланып келет.

БУУнун трибуналы Младичке 1995-жылы эле айып таккан. Бирок бир нече жыл бою жашырынып жүргөн Младичти Сербиянын бийлиги 2011-жылдын май айында гана кармап, Гаага трибуналына өткөрүп берген. Сот жараяны 2012-жылы башталган.

Младич буга чейин өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келген.

Гаага трибуналында өкүм окулуп жаткан кезде да Младич “Силер калп айтып жатасыңар!" деп бир нече ирет кыйкырды.

Анын адвокаты Драган Иветичтин билдиргенине караганда, өкүмгө апелляция берилет.

Былтыр Гаага трибуналы Босниядагы сербдердин согуш учурундагы башчысы Радован Каражичти Младичтики сыяктуу эле күнөөлөр боюнча айыптап, анын ичинде тукум курут боюнча күнөөлүү деп таап, 40 жылга абакка кескен. Ал трибуналдын өкүмүн апелляцияга берген.

Мурдагы Югославиянын 1990-жылдардагы согуш учурундагы президенти Слободан Милошевич 2006-жылы эл аралык трибуналдын түрмөсүндө каза таап, ага өкүм чыкпай калган. (UE)

XS
SM
MD
LG