Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Кыргызстанда 356 бала кант диабети менен каттоодо турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кант диабетинин ар кайсы тиби менен 356 наристе каттоодо турат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин башкы эндокринолог-дарыгери Наталья Добрынина билдирди.

Анын айтымында, бул ооруга кыймылсыз жашоо, ашыкча салмак себеп болуп жатат.

Ал эми чоң кишилер арасында 54 миңден ашуун адам кант оорусу менен каттоодо. Бирок "Глобалдык кант диабет картасы" уюму бул сан 200 миңге чукул болушу мүмкүн экенин аныктаган.

Ошондой эле өлкөдө эндокринолог-дарыгерлер жетишсиз. 150гө жетпеген догдур Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда гана иш алып барат. (BCh)

XS
SM
MD
LG