Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Зума: Мугабе үйүндө камалып отурат


Роберт Мугабе жубайы менен. 8-ноябрь, 2017-жыл.
Роберт Мугабе жубайы менен. 8-ноябрь, 2017-жыл.

Түштүк Африканын президенти Жейкоб Зуманын билдиргенине караганда, ал бүгүн Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе менен телефондон сүйлөшкөндө ал “абалы жакшы экенин, бирок үйүндө камалып турганын” ишарат кылган.

Бүгүн Зимбабведе аскерлер өлкө борбору Хараренин ичиндеги маанилүү түйүндөрдү ээлегени белгилүү болгон.

Армия өз аракетин аскердик төңкөрүш эмес, президент Роберт Мугабенин айланасындагы “криминалдарды бутага” алуу деп түшүндүрүүдө.

Мамлекеттик теледен окулган билдирүүдө өлкөнүн 93 жаштагы лидери Роберт Мугабе жана анын үй-бүлөсү коопсуз экени айтылган.

Өткөн түнү борбор шаар Харареден ок атуунун жана жарылуулардын да үнү угулган эле.

АКШ менен Британиянын элчиликтери өз жарандарын “учурдагы саясий белгисиз жагдайга”, “адаттан тыш аскердик аракеттер жөнүндөгү маалыматтарга” байланыштуу үйдөн чыкпай отурууга үндөгөн.

Азыркы окуялардын алдында Мугабе келечекте анын ордун ээлемекчи болгон вице-президент Эммерсон Мнангагваны кызматтан четтеткен эле.

Анын бул чечиминен кийин Мугабенин ордун басууга 52 жаштагы жубайы Грэйс Мугабеге жол ачылууда.

Дүйнөнүн эң кары мамлекет башчысы Роберт Мугабе Зимбабвени 1980-жылдан бери башкарат.

Түштүк Африка Зимбабвеге өз чабарманын жөнөтсө, Британия ал жердеги тараптардын баарын кыянатчылыкка барбоого жана сабырдуулукка чакырды. Евробиримдик да Зимбабвенин бийлигин диалогго жана кырдаалды тынч жөнгө салууга үндөдү.

Африканын түштүгүндөгү бул өлкө 1980-жылы Улуу Британиядан боштондук алган. (UE)

XS
SM
MD
LG